Кыргыз Республикасынын аймактарына 21-25 ноябрларга чейин күтүлгөн аба-ырайы. Маалымат Кыргызгидромет тарабынан таркатылды.
21-25-ноябрларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы
21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
21-ноябрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык абанын булгануусунун болжолу
21-ноябрда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-10,0 эсеге жогору)болушу күтүлөт.
21-25-ноябрларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы
21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
22-ноябрда күндүз кар жаашы мүмкүн.
23-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз жана 24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
21-25-ноябрларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы
21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
23-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
25-ноябрда Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
21-25-ноябрларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
23-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
25-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-25-ноябрларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы
21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
23-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.
24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-25-ноябрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы
21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 26-27-ноябрларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу 26-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 27-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт. |
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ