Санкт-Петербургда 15 жаштагы кыргыз жараны өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал спазмолитикалык 50 таблетка ичкен.
Гезиттин маалыматына ылайык, 9-класстын окуучусу таңкы саат алты жарымда балдар ооруканасына жаткырылган. Дарыгерлер өспүрүмгө курч уулануу деген диагнозун коюшкан.
«Учурда кыздын абалы оор. Ата-энеси кызы буга чейин эч качан өз жанын кыюуга аракет кылган эмес деп билдиришкен», – деп жазат ЖМКлар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ