Ош облусунун Ноокат районунда добуштарды сатып алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун атынан белгисиз адамдар азык-түлүк таркатып жаткан видео социалдык тармактарда пайда болгон.
«Көрсө, Hyundai Porter автоунаасынын ээси Ноокат районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну экен. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Добуштарды сатып алуу” беренеси боюнча катталды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун атынан үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратылганы боюнча видеотасма таркаган.
“Бул жардамдардын бардыгы премьер-министрдин, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атынан. Садыр Жапаров акырындык менен баарына жардам берип жатат, буга чейин 100дөн ашуун үй-бүлөгө жардам берди”, – дейт видеотасмада азык-түлүк берип жаткан адам.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ