Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гербеисус коронавируска каршы вакциналардын эффективдүүлүгү жөнүндө акыркы маалыматтар коронавирус пандемиясын токтотууга болот деп үмүттөнүүгө негиз берет деп билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
“Вакциналарды сыноодон алынган акыркы оң жыйынтыктар менен узун караңгы туннелдин аягындагы жарык уламдан-улам жаркырап баратат. Азыр вакциналар коомдук саламаттыкты сактоо чаралары менен катар COVID-19 пандемиясын жоюуга жардам берет”, – деди ал.
ДССУнун башчысы бай өлкөлөрдү жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн көбүрөөк акча бөлүүгө чакырды.
“Бул кайрымдуулук акциясы эмес, бирок пандемияны жоюунун жана глобалдык экономиканын өнүгүшүн стимулдаштыруунун эң тез жана рационалдуу жолу”, – деп түшүндүрдү Гербеисус.
Анын айтымында, ушул максаттар үчүн иштелип чыккан программа ушул жылы гана ишке ашыруу үчүн 4,3 миллиард доллар талап кылат. Бул каражат көптөгөн вакциналарды, анализдерди жана дары-дармектерди сатып алууга жана жеткирүүгө бөлүнөт деп күтүлүүдө. Бул программаны кийинки жылы ишке ашыруу үчүн ДСУга дагы 23,8 миллиард доллар талап кылынат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ