Бүгүн, 22-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна бир күндүк иш-сапар менен барды. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Иш-сапардын алкагында Аксы жана Ала-Бука райондорунда жергиликтүү эл менен жолугуп, өлкөдөгү орчундуу маселелер боюнча пикир алмашат.
Иш-сапар жүрүшүндө аталган Премьер–министр райондордун активи менен жыйын өткөрүп, учурдагы коомдук-саясий абал жана коопсуздук, чек ара маселелерин талкуулайт”, – деп жазат Назира Ахмедова.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ