Menu

Дональд Трамп “жалганчы ММКлардын сыйлыгынын” ээлерин аныктады

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Twitter баракчасында “жалганчы ММКлар сыйлыгынын” жеңүүчүлөрүн аныктады.

Трамптын тандоосу боюнча фейк ММКлардын тизмесинде биринчи орунду АКШ экономикасы эч качан калыбына келбейт деген макаласы үчүн The New York Times гезити ээледи.

CNN телеканалынын ысымы фейк ММКлар тизмесинде төрт жолу аталган. Басылма АКШ президенти жана анын уулу Кенже-Дональд Трамп WikiLeaksтин хакердик документтерине тиешеси бар деген материал жарыялаган.

Ар кыл себептерден улам Трамп “жалганчы ММКлар сыйлыктарын” TIME менен Newsweek, ABC телеканалын жана Washington Post гезитине дагы ыйгарды. Трамптын шайлоо штабынын командасы менен Орусиянын ыктымал кутуму тууралуу макалалар “Фейк жаңылыктар” номинациясы боюнча жеңүүчү деп табылды. “Орус кутуму – бул америка калкы үчүн чоң мистификация. Кутум болгон эмес !” ” – деп жазды Трамп.

“Жалганчы ММКлар сыйлыгын” Трамп 3-январда жарыялаган. АКШ президенти менен ММКлардын ортосундагы жаңжал 2014-жылдагы президенттик шайлоо кампаниясынан бери уланууда. Америкалык басылмалар Орусиянын шайлоого ыктымал кийлигишүүсүнөн улам, Трамп жеңишке жетишкен деген пикирлерди байма-бай жарыялашууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: