Бул туурасынада аталган ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнө 45 жаштагы О. А. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Себеби 2017-жылдын 19-сентябрь күнү болжол менен саат 22:30 чамасында үйүнүн алдында токтоп турган “Хондай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар уурдап кеткен.
Баткен ОИИБнин жана ШИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш- аракеттердин натыйжасында кылмыш изи сууй электе Баткен районунун Самаркандек айылынын 33 жаштагы Н.М. аттуу тургуну кармалган.
Жогорудагы факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172- беренесинин (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ