Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиев “шпиончулук” менен айыпталып, сот жообуна тартылып жаткан. Алтынбек сотто аны күнөөнү мойнуна алууга мажбурлашканын айтканын жактоочулары айтып чыгышты.
Кийинки соттук отурум 20-апрелде белгиленгенин, Муралиев өзүнүн күнөөсү жок экенин, коюлган айыптарды мойнуна албай турганын, тергөө тарабынан сотто бир дагы далилдер көрсөтүлбөгөнүн, мойнуна алган көрсөтмөнү ал басым болгондуктан алганын жактоочусу билдирди.
Демек, шпионду “шпиондор” мажбурлап, кууратыптыр да. Алтынбек Муралиев Өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүн башкарып турганда чет өлкөлүк уюмдарга жашыруун сырды берип турган деп айыпталган.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ