Конституциялык кеңешменин иштөө мөөнөтүнө чектөө жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү бүгүн, 27-ноябрда маалымат жыйынында билдиришти.
“Конституциялык кеңешменин компетенциясы – ЖК депутаттары тарабынан сунуш кылынган негизги мыйзам долбоорун талкуулоо, кеңири талкуулоодон кийин мамлекеттик башкаруу, адам укуктары жана конституциялык түзүлүштүн негиздери боюнча сунуштарды ЖКга киргизүү. Ошого ылайык биз иштеп жатабыз. 3 секция бөлүндүк, пленардык жыйындар өтүп жатат. Ар бир укуктук ченем терең каралып жатат” – деди Конституциялык кеңешменин “Адамдын, жарандын укуктары жана эркиндиктери” бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шерипов.
“Эки жол бар: президенттик же парламенттик башкаруу болот. Бирок биз баардыгына даяр болушубуз керек. Бизге Конституциянын долбоору берилгенден кийин, биз бул долбоорду карашыбыз керек”, – деп кошумчалады Чолпон Койчуманова.
Учурда Конституциялык кеңешме Конституциянын жаңы долбоорун изилдеп, талкуулап, сунуштарды киргизип жатат. Бул убакта 10-январда референдумга жаңы Конституциянын ордуна бир гана суроо (президенттик же парламенттик башкаруу формасы?) берилет деген пикирлер бар.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ