“Дордой” базарынын жанында жайгашкан унаа оңдоочу жайда кырсык катталды. Бул тууралуу видеотасма социалдык тармактардын биринде жарыяланган.
Маалыматка ылайык, дөңгөлөктүн жарылуусунан жигит жабыркаган.
Бишкек шаардык тез жардам борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисовдун айтымында, тез жардам кызматына чакыруу бүгүн, 24-сентябрда саат 11: 57де түшкөн.
Алдын ала экспертизага ылайык, анын буту сынган. Ал Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жаткырылды. Жабыркаган жигит 1999-жылы туулган, ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Кырсыктан улам жигит бир нече жеринен жаракат алды. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү.
https://t.me/seychas_kg/5004
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ