Кечээ, 27-майдын кечинде Таластык 29 жаштагы жигит Б.Д. Бишкекте туугандарыныкында андан жашырынып жүргөн 20 жаштагы Жалал-Абаддык кыз Т.Б.ны кармап алып, достору менен машинага күчтөп салып, Таласка алып качып жөнөшөт. Кыздын сүйлөшкөн жигити болгондуктан анын артынан чуркаган Б.Дга макулдугун берген эмес. Ала качууну билип калган кыздын туугандары түнкү саат 22.00.дө Бишкектин Биринчи май райондук милициясына кабарлашып, Бишкек-Талас жолундагы Сосновка өткөрмө пунктундагы Чүй облустук МАИчилер алар бараткан Subaru Outback автоунаасын токтотуп, кыз ала качкандарды колго түшүрүшөт. Бул тууралу Чүй облустук милиция билдирет.
Машинада 29 жаштагы Б.Д. жана анын досу 30 жаштагы С.А. менен 20 жаштагы Т.Б. болушкан. Колго түшкөндөр Жайыл райондук милициясына жеткирилип, өткөрүлүп берилген. Ал жерде милиция кызматкерлери документтерди толтуруу учурунда кыз олтурган бөлмөгө уурданып кирген Б.Д. бөлмөнү ичинен жаап алып, арыз жазганы жатасың деп кызга бычак менен кол салып, өзүнө да бычак урган. Натыйжада 20 жаштагы кыз Т.Б. ооруканага жетип каза болгон. Ал эми 29 жаштагы Б.Д. операциядан кийин аман калган.
Азыр 30 жаштагы С.А. абакта сурак берүүдө. Милиция кыз ала качуу жана адам өлтүрүү фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштады.
Ошондой эле Жайыл райондук милиция кызматкерлерине да кыздын коопсуздугун камсыз кылбаган фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ