Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн президенттикке талапкер Садыр Жапаровдон Гүлчө айылынын жергиликтүү тургуну Акаев менен Бакиевди мекенине алып келүүсүн суранды.
“Сиз президент болуп шайланасыз. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев Ала-Тообузду сагындык деп ыйлап жүрүшөт. Ушул кишилерди өлкөгө алып келип коюңуз, өлүгү талаада калбасын” – деди аксакал.
“Эгерде көпчүлүк эл сурансаңар, экөөнү кечирсеңер, анда алып келебиз. Көпчүлүк каршы чыгып турса анда кыйын болот” – деп жооп берди Садыр Жапаров.
Ал акакалдын бул суранычын дайыма эсине алып жүрөрүн убада кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ