Кыргызстандык аял жана Өзбекстандын жараны Пенза шаарындагы азык-түлүк дүкөнүнөн 40 миң рубль өлчөмүндөгү спирт ичимдиктерин уурдап кетишкен. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Өзбекстандын 28 жаштагы мигранты жана 25 жаштагы кыргызстандык аял Москва облусунда жашашат. Алар Саранск аркылуу өтүп бара жатышкан. Эки мигрант азык-түлүк дүкөнүнө барып, үч бөтөлкө кымбат баалуу спирт ичимдиктерин алып, баштыкка салып, акчасын бербей кетип калышкан.
Андан кийин Кыргызстандын жана Өзбекстандын жараны Пенза шаарына кетип, ошол жерден кармалган. Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн мигранттары буга чейин да ушундай эле уурулуктарды жасап келишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ