12-февралда аткезчилик жол менен ташылып келинген баасы 4 миллион сомго жакын спорттук кийимдер кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Баткен облусунда “С.А.С” аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц спринтер” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унааны текшерген учурда Кыргызстан чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 3 878 600 сомдук спорттук кийимдер табылган.
“Айдоочуну токтоткон учурда ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документти көрсөтө алган эмес” – деп айтылат маалыматта.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ