Кара-Кулжа районунда эки милиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Белгиленгендей, милиция кызматкерлери кызматтык унаанын ичинде отурушкан. Алардын бири “Нива” унаасынын алдыңкы отургучунда отурган. Ошол маалда белгисиз бирөө ок атуучу куралдан ок чыгарган.
Окуя болгон жерге барган тергөө тобу кылмышка шектүүлөрдү кармоого аракет кылышкан. Ошол учурда дагы бир милиция кызматкери жаракат алган. Кол салгандар качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Факт КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча катталды.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ