Нарын дарыясынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Нарын шаарында куткаруучулар кечээ, 15-апрелде саат 17:55 чамасында Нарын дарыясына түшүп кеткен эркек адамдын жансыз денесин табышкан.
Кишинин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген. Куткаруу иштерине 5 кызматкер тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ