Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан кеңешменин жүрүшүндө белгиленгендей, учурда аймактагы абал туруктуу деп бааланууда.
Премьер-министр билдиргендей, биринчи кезекте жергиликтүү калкка кам көрүп, аларды биринчи муктаждыктагы продуктулар, дары-дармектер жана гигиена каражаттары менен камсыздоо зарыл. Ал камсыздоо үзгүлтүксүз түрдө жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, Баткен облусунун тургундарына көмөк көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүлгөн «Баткенге көмөк» штабынын ишинин алкагында жакын арада Баткен облусуна гуманитардык жүктүн партиясы жөнөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ