Menu

“Баткенге жардам” штабынын “1227” кыска номуру иштей баштады

Бөлүшүү:

“Баткенге жардам” аттуу штабдын “1227” кыска номуру иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жабыркагандарга жардам берүүнү каалагандар 1227 номуруна чалып, жардам көрөсөтүү жөнүндө толук маалымат ала алышат.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Баткенге жардам” штабы уюштурулган. Штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан, анда ыктыярчылар жалпы жарандык коомдун, бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн гуманитардык жардам кабыл алып жатышат, ошондой эле жардам берүүнү каалаган, бирок штабга алып келе албаган адамдардан жардам чогулткан мобилдик топ да иш алып барууда.

Штабдын иши боюнча кошумча маалыматтарды төмөнкү телефон номерлери аркылуу алсаңыздар болот: 0558 98 88 88, 0705 15 13 00.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: