Menu

Жалал-Абадда административдик аймактык реформа жана турак-жайларды камсыздандыруу боюнча жыйын өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-февралда Жалал-Абадда административдик аймактык реформа жана турак-жайларды мамлекеттик камсыздандырууга арналган жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы.Жыйындын ишине райондордун акимдери, шаарлардын мэрлери, областтык мекеме-уюмдардын башчылары, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйындарынын төрагалары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун айыл аймактарынын башчылары катышты. Жыйынга КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев, мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрагасынын орун басары Замир Мамбетов, КРнын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов катышты. Жыйындын ишин өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов алып барды.

– Азыркы күндө биз 3 багытта иш алып баруудабыз. Биринчиси, мамлекеттик ыйгарым укуктарды айыл аймактарына толук өткөрүп берүү, экинчиси, айыл аймактарын ыксыз текшерүүлөрдү тартипке келтирүү жана административдик аймактык реформаларды  ырааттуу аягына чыгаруу.  Бул максатта республикалык бюджеттен 135 млн. сом бөлүндү. Айыл аймактарындагы аскердик каттоо жана бир катар кызматтар түздөн-түз тиешелүү министрликтерге өткөрүлүп берилип, үнөмдөлгөн акча каражаттары юристерди алып иштетүү, инвесторлорду тартуу жана долбоор жазуу адистиктерин алууга жумшалат. Айыл аймактарынын жергиликтүү бюджеттин арттыруунун эсебинен таза суу чыгаруу, ички жолдорду оңдоо жана экономиканы көтөрүүгө жумшалат. Айыл аймактары өнүксө, анан өлкө өнүгөт,- деди КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт Рыспаев.

– Быйылкы жылдан баштап административдик аймактык реформалар ырааттуулук менен турмушка ашырыла баштайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жылына бир гана жолу текшерүү боюнча мыйзам долбоору 3-чү окууда каралып жатат. Ал кабыл алынып калса, айыл аймактарын ыксыз жана ашыкча текшерүүлөр кан буугандай токтотулат. Ошондой эле жайыт комитеттери жөнүндөгү мыйзамга дагы өзгөртүүлөрдү киргизүү каралып жатат. Мындан сырткары айылдык кеңештердин төрагалары менен жооптуу катчыларына атайын маяна чегерүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев.

Ал эми мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрагасынын орун басары Замир Мамбетов турак жайларды табигый кырсыктар менен өрттөн камсыздоо боюнча кеңири маалымат берди. Өз кезегинде жыйындын катышуучулары тарабынан көптөгөн суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор алынды.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: