Menu

«Улуттар биримдиги» партиясынын элге Кайрылуусу: «27-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, шайлоо өнөктүгүнөн баш тартабыз!»

Бөлүшүү:

«Улуттар биримдиги» элдик партиясынын Саясий Кеңешинин Кыргызстандын коомчулугуна

КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу «Улуттар биримдиги» элдик партиясынын мүчөлөрү жана тарапташтары!

«Улуттар Биримдиги» элдик партиясы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн, Улуттардын биримдигин, Саясий стабилдүүлүктү сактоого, өлкөдө Мыйзам менен Адилеттүүлүктүн орношуна баардык күчүн жумшап келет.

Биз,өз башыбыздан кыйын кырдаалды кечирип жатып дагы, өлкөдө коррупция менен регионализмге, уруучулук менен үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт койгон, мамлекеттик бийлик болушу үчүн саясий уюм катары, талыкпай күрөшүп келүүдөбүз.

Бүгүнкү күндө өлкөбүз экономикалык, социалдык жана саясий кризиске белчесинен батып, административдик-буйрукчул бийлик, эл күткөн жаңы талаптарга ылайык келбей калгандыгынын далили катары көрүнөт. Ошондуктан акыркы учурда коом деградацияга учурап, бийлик элди уруу-урууга, кокту-колотко, айыл-аймактарга бөлүү саясатын улантып жатат.

Бүгүнкү күндө бийликти басып алгандар, өз максаттарына жетүү үчүн, ушакчылык менен чагымчылдыкты өркүндөтүп, ѳз көмөчүнө күл тарткан кошоматчыларды, ууруларды, жем корлорду, мансапкорлорду, алдамчылар менен шылуундарды жана калктын ач – жылаңач бир бөлүгүн сатып алып, натыйжада бийликтин бул саясатына нааразы болгондорду баса калып, камакка алып, ушундай ыплас жолдор аркылуу нааразычылыктарга каршы туруп, өз бийликтерин узарткылары келип жатышкандыгы сокурга да дайын.

Партиялык системанын жаратылышы – бул мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган идеологиялардын күрөшү. Бирок, биз беш жылдан ашуун убакыттан бери бул парламенттеги саясий идеолгиялардын күрөшүн көрө алган жокпуз!

Анткени, парламенттик шайлоодон өткөн партиялар эл көзүнө “оппозиция” болуп, көмүскөдө бийликтин камчысын чаап келет. Ал эми коалицияга кирген партиялар, ар кандай айла – амалдар менен элдин башын айландырып, элге каршы бийликтин саясатын жүргүзүп келүүдө.

Себеби, Жогорку Кеңешке өткөн баардык партиялар Атамбаевдин, өлкө башчысынын жеке макулдугу менен гана парламенттин босогосун атташкан.

Натыйжада, бийлик камчысын каалагандай чаптырып жаткан Борбордук шайлоо комиссиясын элдин ишениминен толук бойдон ажыратты. Буга далил катары, жакында өткөн парламенттик шайлоону, фракция лидери менен депутаттардын ортосундагы ажырымды, мандат чырын, Акыйкатчы шайлоосун мисал кылсак болот.

Өнүккөн өлкөлөрдө саясий системанын туруктуу концепциясынын башкы өзөгүн, таза шайлоого негизделген саясий конкуренция түзөт. Мамлекеттик бийлик жана коомдук институттар саясий оппоненттерин негизсиз куугунтуктаган, авторитардык башкарууга жол бербеши керек!

Ал эми адилет, мыйзам чегинде таза шайлоо өткөрүү үчүн, бийлик эң оболу өзү адилет жана таза болушу зарыл деп эсептейбиз! Ошондуктан «Улуттар биримдиги» элдик саясий партиясы 2016-жылдын 27-мартына белгиленген Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, шайлоо өнөктүгүнөн баш тартаарын “Улуттар Биримдиги” элдик партиясынын Саясий кеңеши расмий түрдө билдирет.

 “Улуттар биримдиги” Элдик партиясынын Саясий Кеңеши

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 21 = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: