Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Балыкчы шаарында өткөн Куралдуу күчтөрдүн резервдик түзүмдөрүнүн аскерик машыгуусунда билдирди.
Премьер-министр учурда негизги милдет аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл буруу менен татыктуу деңгээлде кармоо зарылдыгын белгиледи.
Темир Сариев Куралдуу күчтөрдүн резервдик түзүмдөрүнүн аскердик машыгууларын өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн билдирди. Ошондой эле Темир Сариев Башкы Штаб менен Коргоо боюнча мамлекеттик комитет аскердик даярдыкты көтөрүп, тартипке өтө маани бериши зарылдыгын билдирди.
«Балыкчыдагы аскер бөлүктөгү окуялардын орун алышы бул жаатта олуттуу маселелер бар экенин көргөзүүдө. Мындай окуялар үчүн офицердик курам жооп бериши керек», – деди Темир Сариев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ