Menu

Ахматбек Келдибеков: «Айтыңызчы, Өмүрбек Чиркешович, менин иш бөлмөмдө беш фракциянын жетекчилери менен талкуулаганыбызды моюнга аласызбы?»

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык сотунда болуп жаткан Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук териштирүүдө, күбө катары өтүп жаткан Өмүрбек Текебаевке айыпталуучу Ахматбек Келдибеков төмөнкү суроону узатты:

— Айтыңызчы, Өмүрбек Чиркешович, ошол күнү, токтомдун долбоорун жана депутат Талант Мамытов даярдап келген Атайын өкүлчүлүктүн жоболорун Жокорку Кеңештин беш фракциясынын жетекчилери менен кошо талкуулаганыбыз эсиңиздеби?

— Ооба, эсимде..

— Силердин баарыңар макул болгондон кийин гана, Координациялык Кеңешке коюп, андан кийин гана парламенттин пленардык жыйынына алып чыккан белек?

— Ооба, ошондой болгон. Аны моюнга алам…

Андан кийин , жактоочу Азимбек Бекназаров суроо берди:

— Айтыңызчы, сиз кандай добуш бергенсиз?

Өмүрбек Текебаев:

— мен, макул деп добуш бергем. Эсимде, кол көтөрүү менен добуш бергенбиз.

Кайрадан, Ахматбек Келдибеков суроо узатты:

— Эсиңизде болсо, мен төрагалык кызматтан ноябрь айында кеттим. Ал эми январь айында силер атайын өкүлчүлүктү жойдуңар. Эсеп палатасы текшерип, расмий түрдө тыянак чыгарды — эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес деп. А бирок, негедир март айында кайра эле ошол өкүлчүлүккө 1 млн 800 миң сом каржы бөлдүңөр. Муну кандай түшүнсө болот?

Өмүрбек Текебаев эмне деп жооп беришин таппай калды жана төмөнкүдөй жооп берди:

— Эми.., ошоной болуп калды да, ошентип койдук…

Адвокат Бекназаров:

— Өмүрбек Чиркешович, сиз кандай ойлойсуз, баарыңыздар колдоп добуш бергенбиз деп айтып жатасыз. Ал токтом андан кийин президентке кол койууга жиберилди, ал кол койду. Андан кийин 3 айдан кийин, Өкмөт жылдык бюджетке атайын мыйхам түрүндө киргизип, каржылап баштаган. Эми ушулардын баарынын ордуна жалгыз Келдибеков жооп беригени туурабы?

Анда болсо, эч камаарыбай туруп, урматтуу Өмүрбек Чиркешович мындай деп койду:

— мен анысын айта албайм, бирок кимдир бирөө жооп бериш керек да.

Мындай жооптон кийин, коомчулукта дагы суроолор пайда болууда. Баарын баштаган, Башпрокурор Салянованын наамына, эч кандай кол коюлбаган, көчүрмө документтин негизинде, өзү баштаган Атамекен фракциясынын атынан кат жиберип, мына ушунча жылга созулган , далили жок кылмыш ишин козготуп, коомду экиге бөлгөн, демократия деп коюп, ал эми өз партиясынын ичинде «вождизм» жана диктаторлук ыкмасын колдонгон Текебаевдин канча жүзү бар? Бул саясатчы, ар бир учурда, жеке кызыкчылыгы үчүн, ар учурда ар түрдүү сүйлөп жүрө береби? Адамдын тагдыры чечилип жаткан соттук териштирүүдө, «эми ошондой болуп калды, айта албайм, кимдир бирөө жооп бериш керек го» деген сыяктуу абстрактуу жоопторду бергенден тартынбайбы? Эмне үчүн, ушунча жылдан кийин болсо да, Райкан Төлөгөновко окшоп, «саясат болчу, эптеп шылтоо таап, Келдибековду кетирүү максат болгон» деп чындыкты сүйлөсө, эл деле ушул адамга ыраазы болбойт беле?

Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: