Menu

Спикер менен премьерге миңдеген жаштар кайрылуу менен чыгышканы турат

Бөлүшүү:

Буга дейре биздин гезит аркылуу Бишкектин айланасындагы айыл-чарба багыты менен сатылган жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча миңдеген жаштардын көйгөйлөрү чагылдырылган. “Трансформация” аттуу кыймылдын өкүлдөрү да бул көйгөйдү жогорку бийлик төбөлдөрүнө кайра-кайра жолдоп, маселе резонанстуу коомдук пикирге айланган. Карапайым элдин мындай талабынан соң, акыры парламент менен өкмөт бул көйгөйгө жакын арада жарым-жартылай чекит койгону туру. Тагырагы, 2009-жылга чейин гана сатылган жерлерди трансформациялоо боюнча парламент менен өкмөт токтом токумай болушту. Мындай чийки, шашылыш чечимге нааразыланган миңдеген жаштар өкмөт башчы Темир Сариев менен спикер Асылбек Жээнбековго гезит аркылуу 2015-жылга чейинки айыл-чарба багыты менен 4 сотыхтан сатылган жерлерди да кошо мыйзамдаштырып, трансформациялап берүү талаптарын кайрылуу катары жолдоп коюшубузду өтүнүшүүдө. Эгерде өкмөт менен парламент 2009-жылга чейинки пулданган гана жерлерди трансформациялап, андан кийинки сатылган жерлерди мыйзамдаштырып беришпесе, миңдеген жаштар президент Атамбаевдин өзүнө чейин барып кайрылышаарын кулак кагыш кылышууда. Темир Сариев бул маселеге ушунча киришкен соң, 2015-жылга чейинки 4 сотыхтан сатылган жерлерди мыйзамдаштырып, миңдеген жаштардын ажатын ачып койсо болбойбу? Ансыз деле өлкөдө өздүк турак-жайы көздөн учкан жаштардын катары калыңдаган шартта өкмөт чечкиндүү аракеттерге барышы керек да, туурабы?

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: