Menu

Жалал-Абадда кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу күрөш алып барууга арналган координациялык комиссиянын олтурум жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-февралда Жалал-Абадда  социалдык коркунучтуу жана жугуштуу оорулардын катарына кирген кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу иш алып барууга арналган областтык координациялык комиссиянын олтурум жыйыны болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Анын ишине район-шаарлардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунун жетекчилери, аймактык ооруканалардын директорлору, район-шаарлардагы СЭСтердин башкы дарыгерлери катышты. Координациялык комиссиянын олтурумунун жыйынын өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

ВОЗдун маалыматына ылайык, 2014-жылы дүйнө жүзү боюнча 9,6 млн. адам кургак учук оорусуна чалдыккан. Мунун ичинен 1,5 млн. адам кургак учук оорусунун өтүшүп кеткендигинен каза табышкан. Учурда кургак учук оорусу инфекциялык, социалдык жана экономикага түздөн-түз таасир эткен коркунучтуу оорулардын катарына кирип олтурат. Оорунун башкы  жуктуруучусу жана таратуучусу – бул  кургак учук оорусунун таякчалары болуп калууда.

Координациялык комиссиянын жыйынында областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, областтык саламаттыкты сактоо тармагынын коодинатору Маматжан Миянов кургак учук оорусуна каршы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.

– Кургак учук оорусун дарылоо боюнча  Жалал-Абад шаарында,  Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда атайын адистештирилген ооруканалар иштеп жатат. Ошону менен бирге акыркы жылдары кургак учук оорусун дарылоодо анын дарылоого каршы туруктуу түрлөрү өсүп жаткандыгын моюнга алууга аргасызбыз. Кургак учукка каршы инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча Сузак районунда дарыгерлер арасында  3 күндүк семинар өткөрүлдү жана ал окуулар Жалал-Абад шаарында дагы өткөрүлөт. Өзү-өзү сыйлаган алдыңкы мамлекеттерде станционардык дарылоого басым жасалбастан, үй-бүлөлүк, амбулаториялык жана ФАПтык дарылоого көбүрөөк көңүл бурула баштады,- деди областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов.

– 1999- жылы Республикабыз боюнча 100 миң кишиге  кургак учук оорусунан каза болгондор 27 адамды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 7 адамга азайган. Ал эми түрмөдө олтургандарды кошуп алыганда 2001-жылы  ар 100 миң кишиге кургак учуктан каза болгондор 127,3 адамды түзгөн болсо, 2014-жылы бул цифра 98,8 пайызга түшкөн,- деди КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармектер менен камсыздоо башкармасынын башчысы Самат Тойматов.

Областтык координациялык комиссиянын жыйынында USAIDдин Кыргызстандагы координатору Чынара Камарли, USAID  каржылоосундагы «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун жетекчиси Айнура Ибраимова жыйындын катышуучуларына: «Кургак учук оорусун дарылоонун жыйынтыгына жараша каржылоо жана айлык акыларын төлөө маселеси акырындык менен  турмушка ашырыла тургандыгын»,- баса белгилеп кетти. ФОМСтин республикалык төрагасынын орун басары Акыл Калыков, республикалык оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармасынын башчысы Нурболот Усенбаев  кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу иш баруудагы аракеттер жагдайындагы бир катар маанилүү сунуштарын менен ойлорун ортого салышты.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: