Menu

Токон Мамытов, генерал-майор: “Баарыбыз “шахид” болуп кетсек, мекенди ким коргойт..? Биз үчүн эң ыйык Конституциябыз жана Кыргыз Мыйзамдары”

Бөлүшүү:

Жакынкы Чыгышта диний терроризм күчөгөнү дүйнө элдеринин ар кимиси ар кандай усулдар менен коргонуу, коопсуздук чараларын алдын ала көрүүдө. Андай аракеттерден Кыргызстан да кыйа өтпөй, адегенде эле, аскерлерди тек такфирит-ИГИЛге каршы кандай согушуу керектигин шарият токтомдорунун негизинде даярдашты. Тагыраак айтканда, укук коргоо органдарынын жоокерлерине, офицерлерине «Куралчан такфириттер тууралуу шарият токтомдорунун Хукуму (өкүмү)» боюнча «ЭСКЕРТМЕ КИТЕПЧЕ» карматышты.  Аны «Дин, укук жана саясат» НАИЦ борбору даярдап бериптир. Башка маалыматы жазылбаптыр. Ал эскертмени барактап жатып, биздин солдаттар менен офицерлер купуя түрдө шарият боюнча кызмат өтөй баштаганбы же биздин өлкө шарият мыйзамдарына өтө баштаганбы деген ойго келдик. Бул памятка-китепче тууралуу генерал-майор Токон МАМЫТОВго суроо салдык.

-Акыркы учурда купуя түрдө офицерлер менен солдаттар үчүн шарият өкүмдөрүнүн негизинде эскертме китепче-памятка жазылып таркатылыптыр. Карап көрдүңүзбү?

-Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө, солдаттарга кайрылуу экен. Китепченин (памятканын) авторлору, демилгечилери куралдуу күчтөрдүн катарында жүргөн жоокерлерге, офицерлерге террористер ким жана анын ичинен ИГИЛ дегенди түшүндүрмөкчү болушуптур. ИГИЛге каршы эмне кылыш керек, өзүн кандай алып жүрүш керек деген мааниде экен. Китепчеде ар кайсы жактан маалыматтарды чокулап алып, чаржайыт келген ойду жазганы аз келгенсип, хронологиясы да жок экен. Даана- так аныктамалары жок, чачыранды. Менин оюмча аны жоокерлерге, офицерлерге бергенге болбойт. Анткени бул жерде концептуалдык түшүнүк камтылган эмес. Бул конкретүү түрдө Куранга ссылка болуп, бирок сүрөөсү, аяты көрсөтүлбөгөн. Эң биринчи мен ойлойм бул памяткада дин аралык карым-катнашты бекемдөөгө багытталыш керек болчу. Сен мусулман эмессиң (каапырсың) сени өлтүрүш керек деген болбош керек. Анткени, Куран кыргызга же арабка гана берилген эмес. Жалпы дүйнө жүзүнүн элине берилген.

-Бул памяткада каапырларды өлтүргүлө. Силер муждахитсиңер деп жазылып атат. ИГИЛдин да чакырыгы дал ушундай, ИГИЛ менен ошол китепчедеги чакырык окшош болуп жатпайбы. ИГИЛге солдаттарды камдап берип жаткан жокпу?  Муну кимдер даярдаганын билсеңиз керек?

-Бул китептен “Религия, право и политика” дегенден башка маалымат көргөн жокмун. Бирок К. Маликов жазганга окшобойт. Муну билими төмөн адам жазгандай. Бул памятка Коргоо министрлиги же улуттук коопсуздук комитет күч структураларынын жетекчилиги менен макулдашып биргелешип, протокол менен бекитилип, мыйзамдуу таратылса болмок. Буга дагы өзүнчө паспорт керек. Болбосо, анын паспорту жок болуп атат. Демек, бул памятка мыйзамсыз. Себеби бул жерде сен “шахид болгонго даяр бол” дегендей жазылып атат. Келип алып сен шахид бол деп үйрөтпөстөн, тескерисинче жоокерге, “өлүп калыш оңой, сен өлгөнгө умтулбай биринчи элиңди, мекениңди коргогонго умтул. Экинчиден тирүү калганга умтул. Үчүнчүдөн тирүү калганга мүмкүн болбосо жаныңды элиң, жериң үчүн бер”-деп үч багытта үйрөтүшүбүз керек. Баарыбыз шахид болуп өлүп калсак элди, мекенди ким коргойт?.. Менин оюмча  атайын провокация катары жасалгандай.

— Өкмөттү коелу, күч структураларынын башчылары менен макулдашылбаган соң бул памятка тескери натыйжаларын бербейби?   

-Укук коргоо органдарына, жоокерлерге жана аскерлерге багытталса жок дегенде коргоо министри, жетекчилиги менен макулдашылып, талкууланып алардын да оюн угуш керек болчу. Себеби коргоо министрлиги, чек ара кызматы, ИИМ, УКМКлардын дагы өз оюу бар да. Баса белгилеп айтчу жагдай, биз светтик өлкө болгондуктан  биз үчүн эң ыйык конституциябыз жана кыргыз мыйзамдары. Жоокер ант берип атканда Конституция менен берип жатат. Биз светтик мамлекетпиз. Ошондуктан, террористтерден сенин айырмаң деп Конституцияга да Куранга да ссылка кылып, маани, маңыздуу даярдап, сөзсүз күч структураларынын жетекчиликтери менен макулдашып, анан таратса болмок.

-Бизге жеткен маалыматтарга таянсак памятка аскерлерге таратылган. Анын ичинде:  “Ант берип жатып, сен Алланын жолуна түшүп атасың”-деп жазылат. Демек, биз светтик эмес диний мамлекет болуп калабызбы? Бул жерде Конституция эсепке алынбай жатпайбы?

-Ошол себептен Конституцияга, кыргыз мыйзамына жана аскердик уставтарга ссылка бериш керек деп айтып жатам да. Ал аскердик устав деген жоокерлер үчүн конституциядан кийинки эң күчтүү мыйзам. Армия памятка менен эмес, ошол уставтар боюнча жашайт. Ушул мыйзамдарды, уставтарды Курандагы аяттар менен байланыштырып көрсөтсө, анан жоокерлер Конституцияны жана Куранды дагы сыйламак.

— Эч ким көңүл бөлбөгөн менен мамлекетке ушул шапалактай китепчеде чоң коркунуч катылып турганын байкадыңызбы?   

-Бул памятканы түшүнүгү бар адам окуса, анын кемтигин байкабай койбойт. Айрымдар “Биздин армиянын духун түшүрүп, аскерлер Конституцияны сыйлабаганга тарбиялап, бөлөк нукка алып кетейин”-деген таризде душмандар жазганбы деп ойлонот. Муну дагы жок деп четке кага албайм. Бирок, буга көп ишенгим келбейт. Терроризм болуп атат. Өкмөттүн, укук коргоо органдарынын көңүл буруусун каалап, жок дегенде колумдан ушул келет экен деп жакшы ой менен жазайын десе керек. Бирок, ар кайсы жерден тоокчо чокулап келгендиктен толук хронология болбогондуктан эки тараптуу болуп калды. Билими жок аскердин колуна бул китеп тийсе, антты Конституция менен берип эмне кылам..? Устав болбогон нерсе тура, ушул памятка менен жашашым керек турбайбы деп ойлонот. А армияда андай жок. Мен ойлойм бул китепче памятка билимсиздиктен, тажрыйбанын жоктугунан ушундай чийки жазылды деп. Кичине билими бар адам мындай китепчени жазбайт.

-Эмне үчүн аскерлерди ислам менен тарбиялаш керек? Өзүбүздүн кыргыздын эле каада-салты жана Конституциясы менен тарбияласак болбойбу?

-Бул дагы туура. Себеби чынын айтканда биз мусулман динин кийин эле кабыл алганбыз да. Биздин канда тоого ташка, атүгүл ата бабаларга да сыйынабыз. Бизде баланы тарбиялап атканда куранда, шариятта жазылган деп айтылбайт. Бизде кыргыздын каада-салтында, ата-бабамда мындай болгон эмес деп айтылат. Бул памяткада өзүбүздүн каада-салтыбызды да камтып кетсе ого бетер жакшы болот.

Ислам динин тынчтыктын дини деп айтат. Бирок, бул китепчеде “каапырларды өлтүргүлө” деп атат.

-Куранда астыңдан каапыр чыкса өлтүрүп сал деген жок. Куранда мындай деп жазылган. Эгерде душман келип, сенин диниңди тебелеп тепсеп, үйүңдөн кубалап, бала бакыраңды өлтүрүп атса ошондо гана колуңа кылычыңды алып, мекениңди, элиңди корго дейт. Согушуп атып дагы душман куралын таштап багындым десе сен да токтот кылычыңды кыныңа сал деп айтылган. А, бул памяткада тескерисинче кыра бер деп жазыптыр. Бул туура эмес.

-Бизде идеология жоктугунан улам ушундай чаржайыт көрсөтмөлөргө күнүбүз түшүп жаткан жокпу?

-Капиталистик бай өлкөлөрдө идеология жок деп. Бул туура эмес. Бай өлкөлөрдө, ошол эле Америка, Германия, Англия, Францияда диндери да бар жана мамлекеттик идеологиялары да бар. Алар мамлекеттин Конституциясында көрсөтпөсө дагы ошого карманышат. Ал эмне болгон идеология? Бул неолиберализм, неоконсерватизм деген эки чоң идеология бар. Мына ушуну колдонушат. Бизде болсо азыр идеология жок болуп атат. Бизде идеология иштелип чыга элек. Азыр айрым окумуштуулар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналистер идеология мындай болуш керек деп айтып атат. Биз ошол идеологияны жаза электе өз идеологияларын киргизе калалы деп жатышат. Менин оюмча динде жаңы идеологиялар пайда болуп жатат. Мурда вахабизм, суффизм, салафизм, такфиризм болчу. Азыр ошолордун барын бир жыйынтыктап, неорадикализм, неоваххабизм дегендей бир багытка алып келип атат. Бүт адамга жакпаган радикалдык идеялогияларды динге бириктирип туруп, неорадикализм деп бизге таңуулаганы атат. Шапалактай деп элес албаганыбыз менен идеялогия ушундай китептер менен таркатылат.

загружено1439382585_1124041

Осуят ОСМОНОВА

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: