Menu

Бүгүнтөн баштап Москвада ыктыярчы кыргыз балдар жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат

Бөлүшүү:

Бүгүнтөн баштап Москвада түзүлгөн “Кеменгер” уюмунун ыктыярчы кыргыз балдары жумуштан кеч чыккан кыргыз кыздарын үйлөрүнө жеткирип турушат. Бул тууралуу айтылган идеянын демилгечиси Адилет Чилдебаев super.kg порталына бүгүн, 2-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, бул уюмду түзүүгө кыргыз кыздарын кордогон “патриоттордун” жоруктары түрткү болгон. “Биздин уюм расмий түрдө катталып ачылган жок. Мүмкүнчүлүк болушунча жигиттерди ойготуп, кыз-келиндерди, эжелерибизди, карындаштарыбызды сактайлы деген максатта уюмду түздүк. “Жаңы муун” уюму менен чогуу бул ойду ишке ашыруу аракетин көрүп жатабыз. Буюрса, бүгүнтөн баштап жигиттерибиз бизге кабар бергендерди тосуп алып, үйлөрүнө жеткирип турушат”,- дейт Чилдебаев. Ал эми уюмга келген ыктыярчылар тууралуу төмөнкүлөргө токтолду: “Адамзаттын акыл эси жаратылышынан негативдүү ойлорго жакын, ишенимдүү эмес, бирок мен чын дилимен ыктыярчылар жакшы ойлордон тайбагандар деп ишенем. Алардын да энелери, карындаштары, эжелери, аялдары, дос кыздары бар”.

Булак: formula.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: