Кечээ, 7-мартта Кыргызстандагы жалгыз аялдар түрмөсүндө 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата “Жаз-2016” майрамдык сынак болуп өттү. Жыл сайын өтчү бул сынакка түрмөнүн 5 отрядынан 5 команда өз ара өнөрлөрүн сынашты.
Абактагы кыздар бул сынакка бир жарым ай алдын-ала даярданышып, жаңы көйнөктөрдү, бий костюмдарын тигишип, ырларды жазышкан жана күнү-түнү репетициялашкан.
Сынак саламдашуу, бий, интермедия, бий костюмдары, дүйнө элдеринин бийлери жана абактагы кыздар тиккен көйнөктөр менен дефиле этаптары боюнча өттү.
Кыздар жаңы көйнөктөрдүн моделдерин колдо болгон, тапкан материалдардан ченеп-бычып тигишкен. Жюри “Сакура”, “Жаз” жана “Кагаздан көйнөк” моделдерин жогору баалашты. Дефиле сынагынын жыйынтыгы боюнча кагаздан тигилген көйнөк жеңүүчү деп табылды. Командалар арасындагы мелдеште 4-отряддын кыздары жеңишке жетишти. Ар бир номинация боюнча сыйлыктар тапшырылды. Андан сырткары атайын чакырылган артисттер концерт беришип, майрамдын аягы дискотека менен аяктады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ