Menu

ЖК депутаты Кожобек Рыспаевге ыңгайсыз суроолор: Деги эле сиз уран деген кандай зат экенин билесизби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин буга чейинки чакырылышындагы депутаттардын арасында дагы акча чыккан жердин сөзүн сүйлөгөндөр болсо болгондур бирок, Кожобек Рыспаевдей арсыздар чыккан эмес. Кожокеге салыштырмалуу башкалардын кичине болсо да уяты, бети бар эле. «Эл эмне дейт» деп коркушчу. Мында кыпындай дагы намыс, ариет деген жок экен. Бул түбү тойбогон сугалакка акча гана болсо болду турбайбы, ыңгайы келсе Кыргыз мамлекетин да түп орду менен омкоруп сатып жибергенден кайра тартчудай эмес. Буга чейин ЖЭБти майкандагандардын ана башында турганы айтылган. Жакындан бери кыргыз журту зыяндуу уран боюнча зыркырап жатса, Кожобек Рыспаев чыгып алып койкоңдоп, оозу-мурду кыйшайбай туруп: «Уранды сатпасак радиоактивдешип кетип, элге зыяны тийет. Жаңы технологиялар менен аны казып, ташып жоготуш керек. Урандан зыян чыкпагандай кылып казып сатса эмнеге болбойт? Уран бул акча, сиздин айлык, биздин айлык. Уранды сатпасак айлыкты каяктан алабыз?» деди. Кыргыз журту буга чейин кылым карытып урансыз жашап келген, мындан ары деле жашай берет, өмүру өтөт.

—Кожобек мырза, алмадай башыңызда мээ барбы же курсагыңыз менен ойлонуп калгансызбы? Сизде эл, мамлекет деген сезим барбы?Же тыйын-тыпыр обонун созо бересизби? Уран казылган жерлерде кандай зыян болорун, эч качан калыбына келбей турган экология өмүр бою каларын билип туруп, ушинтип сүйлөгөнгө кантип дитиңиз барды? Деги эле сиз уран деген кандай зат экенин билесизби? Айтмакчы, сиз кыргызсызбы? Же кыргызга жакшылык каалабаган каныңыз бузук калмактардын бирисизби?

Памир Манас

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: