Menu

Мирлан Жээнчороев, депутат: Римдин императору Калигула өзүнүн жакшы көргөн атын сенатка отургузуп койгондой кылбайбы?..

Бөлүшүү:

– Мирлан Канатбекович, кадрлардын тез-тез алмашканы канчалык деңгээлде туура болуп жатат деп ойлойсуз?

– Көрүп атасыздар го, отуз жылдык биздин тарыхыбызда орто эсеп менен бир өкмөттүн узактыгы сегиз ай болот экен. Премьер-министр сегиз айда алмашкан-дан кийин өкмөттүн ичиндеги командасынын көпчүлүгү алмашып, алардын ишин улантып, ошол саясатты андан ары алып келе турган кишилер жок болуп калып атат. Ошол себептен бизге туруктуу өкмөт, жалаң адистерден турган өкмөттүн аппараты керек. Мисалы, Японияда саясый кызматтагылар алмаша берет, бирок, статс-катчыга, ылдый жактагы кызматтарда иштеп жаткандарга тийбейт. Одоно тартип бузгандар эле кетпесе, ишти жылдырып аткандарды иштетет. Мамлекеттик, муницалдык кызматтын реформасы деген ошол да. Туруктуу, эл ишенген мамлекеттик аппарат болушу керек.

– Премьер-министр сунуштаган талапкерлер боюнча бир топ жылуу пикирлерди айттыңыз. Ошол эле учурда алардын айрымдарынын, мисалы, Эмил Осмонбетовдун дарегине катуу сындар да айтылды. Же сиз ал фактылар жөнүндө билбейт белеңиз?

– Билем. Мен өзүм юрист болгондон кийин баарын тастыктагам. Биринчиден, «ал кишинин үстүнөн иш козголду» дегени… Бүгүн Кыргызстанда көп эле кишилердин үстүнөн иш козголуп, бирок, акталып чыгып атат да. Бул киши да акталып чыккан. Акталып чыккандан кийин күнөөсүз болуп эсептелет. Ал эми жалаа болсо өзүңүздөр билесиздер, Куран боюнча бир туугандын этин жегенге барабар. Бүгүн сот, укук коргоо органдары тарабынан ага доомат жок. Мен ойлойм, премьер-министр мындай кызматка дайындаарда атайын изилдөө, кызматтык иликтоо жүргүзөт. Андан кийин гана сунуштайт. Тажрыйбасы мол адамдарды карашыбыз керек да. Тажрыйбалуу, жеке сектордо да, мамлекеттик кызматга, анан илимий жагынан да бекемделген адам келсе, ошондо жакшы болот эле. Илими, тажрыйбасы жок адам кантип башкарат? Биз кечээ эле өткөн тажрыйбадан көрбөдүкпү, көчөдө жүргөн адамды эле чоң даражадагы кызматтарга алпарып койчу. Бул система байыркы Римде башталган. «Инцитат» деп коёт, өз убагында Римдин императору Калигула өзүнүн жакшы көргөн атын алып барып, сенатка отургузуп койгон. Ошондо да элдин баары унчукпай отурган. Андан көрө кызматка тажрыйбалуу адам барса жакшы эмеспи.

Аттокур Жумаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: