Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна жумушчу сапары менен барат.
Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Өкмөттүн аймактагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык кеңешмесине катышат, анда 2017-жылдын иш жыйынтыгы чыгарылмакчы.
Мындан тышары, Өкмөт башчы Кадамжай районундагы Орозбеков айыл округундагы орто мектептин ачылышына катышат.
Ошондой эле Сапар Исаков Кадамжай шаарында зилзаладан жабыркагандар үчүн курулуп жаткан көп квартиралуу турак-жайдын курулушу менен таанышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ