Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутаттар балдарды мектепке жана бала бакчаларга кайтаруу маселесин көтөрүштү.
Депутат Валентина Лисниченко кышкы каникулду 14-декабрдан 17-январга чейин өткөрүү маселесин кароону сунуштады. “Бул ата-энелерге, балдарга жана тарбиячыларга онлайн режиминде билим алууда жана мектептерде салттуу билим берүү формасына кайтууга даярдануу мүмкүнчүлүгүн берет” деди ал.
Валентина Лисниченко мындай чечим кабыл алынса, ушул жуманы май айына узартууга болот деп кошумчалады. «Бул акылга сыярлык болот. Ата-энелер аябай чарчашты, тилекке каршы, балдар арасында өз өмүрүнө кол салуу фактылары көбөйүп кетти жана бул бизди тынчсыздандырбай койбойт», – деди ал.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев каникул күндөрүн Билим берүү министрлиги чечим чыгарат деп жооп берди. “Алар менен байланышсаңыз болот, мен министр менен республикалык штабда ушул маселени талкуулайм”- деди ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ