Menu

Сарууда Атамбаевге каршы штаб түзүлдү

Бөлүшүү:

Бул тууралуу белгилүү журналист, “Жаштар өкмөтү” кыймылынын төрагасы Дайырбек Орунбеков өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Кечээ, 9-мартта Саруу айылында активисттер чогулуп жабык жыйын өткөрүштү. Жыйында бийликтин элге карата кылып жаткан кыянаттык саясатын, баалардын өсүшүн, азык түлүк, электр жарыгына болуп аткан баанын кымбаттоолорун, Саруу айылынын тургундарына куугунтукту сынга алышты. Жыйынтыгында жаңы лидер шайлап, күн сайын жыйын кылып өлкөнүн башка аймагындагы элдик талаптарды колдой турган чечим кабыл алышты. Жыйынга чогулгандар Атамбаев башында турган бийликке ишеним көрсөтпөй тургандыгын жана ага каршы күрөшкө даяр экенин билдиришти. Азырынча лидердин атын аташкан жок, бийлик күнү түнү аңдытып жатканына байланыштуу сыр сактай турган болушту.
Булак: “Искра”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: