Menu

Хна менен сүрөт тарттыруу териге зыян

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде кара хна менен колго, ийинге бодиарт жасатуу модага айланып баратат. Жай мезгили келгенде өспүрүмдөр курсагына, бутуна ар кандай формадагысүрөттөрдү тарттырганы кадыресе көрүнүш болуп калды. Дүйнө жүзүн каптап жаткан моданын залакасы кандай экенин дерматологдор изилдеп чыгышкан.
Кара хна боегу менен жасалган тату бир нече убакытка чейин өчпөйт.

Бирок тату жасалаарда ага пара-фенилендиамин химикаты кошулат. Европада бул химикатта косметикалык каражатка кошууга тыюу салынат. Ал эми чач боекторго 6 дан ашпаган химикатты кошушат. Бирок учурда бодиарт жасай турган жеке салондор аталган химикатты кандай өлчөмдө кошуп жатканын көзөмөлдөгөн жан жок. Дерматолог Лира Асылбекованын айтымында, эгер хнага жогорудагы химикат кошулса, белгилери эки жумадан кийин билине баштайт.

Сүрөт тартылган жер кы- зарып, майда кызыл тактар жайнап кетет. Мындай учурда курамында кортикостероид (аллергияга каршы) бар маздар менен теринин жабыркаган жерин сүртүп 3-4 жума дарылоо керек. Кызарган тактар кеткени менен кара темгил тактар көп убакытка чейин сакталышы мүмкүн.

Эгер химикаттан аллергия күчөп кетсе теринин астына суу толуп, карттанып, кээ бир учурда ириңдеп жыйынтыгы өкүнүчтүү болушу мүмкүн. Андыктан бодиарт жасатаардан мурда хнанын сапаты мыкты экенине ынаныңыз. Табигый хна жасалма хнадан кызыл-күрөң түсү менен айырмаланат. Табигый хна менен тартылган сүрөт денеге 10-12 саатта араң сиңет. Ал эми сүрөт тарткандан кийин 1 сааттан соң сиңип кетсе анда ал химикат кошулган жасалма хна экенинен шек санабаңыз.

Бегайым БАЙБОСУНОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: