Menu

Атамбаевди Баткендик дегендерге Баткендик тапандардын шакаба жооптору

Бөлүшүү:

Президенттик шайлоо жакындаганда Алмаз Атамбаевди Баткендик кылып чыгарган тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун макаласы коомчулукта катуу резонанс жаратты. Бири бул атайылап жазылган “заказной” материал десе, экинчиси “Атамбаев Баткендик эмей эле Кокондук” деп, үчүнчүсү Чүйдөн десе, төртүнчүсү Таластан дейт.
Ал эми бул жаңылыкты Баткендик тапандар социалдык тармактарда кандай талкуулап жатышканынан сиздерге бир шиңгил тартуулайбыз (жергиликтүү говорлорду сактоо менен берилди).

Зулпидин Нурматов: «Опшум Ажобуздун таги түгү биз жактан экен шондо Кадамжайдан 4 эл башчы чыккан болот))
1-Полот хан
2-Абдыкадыр Орозбеков
3-Абсамат Масалиев
4-Алмазбек Атамбаев, ушу киши саал бузуп койушу мүмкүн, МААЙЛИ, бул кишида негизи жакшы киши)
Кубаныч Чимбаев: Саал эмес эле кыйла эле бузуп коёт, жүрүм-туруму, кылган иши баары начар.
Zebin Asanova: Чисто баткенче жазыпсызго “саал бузуп койушу мүмкүн МААЙЛИ бул кишида негизи жакшы киши” деп)
Элнура Абдуллаева: Тактыга олтургандан бери ата-теги бүт облустардан болуп чыктыго дейм ) же өз ата-тегин тастыктап айта албай жатканыбы? Же кайсы облустан көбүрөөк кол топтосом деп ойлогонубу?
Зулпидин Нурматов: Эмнеси болсода болду эми, Ажобуздун күндөрү бүткөнү калды ))
Мырзахит Мырзаев: Ким, ким шондо? Сиз, мен, ажобуз дагы ким? )
Зулпидин Нурматов: Келечекте сен үкам, сени менен 5та болот кудай буйурса)
Мырзахит Мырзаев: Тамаша ) Негизи Кадамжайлыктар кыйын окшойбуз))
Темирбек Осмонов: Биздин райондон болбой эле койсун мунуңар!
Эрбол Абаев: Таластан болот! Кайдагыны айтпагылачы!
Зулпидин Нурматов: Мен талашпадым, мен изилдеп чыккан Кыяс агайдын жазганын айттым ))
Өмүрбек Азимбаев: Сразу (Таласка) бере салыш керек сураганда )
Токтополот Абдурахманов: Өмүрбек, үстүнө акча кошуп бергиле анда ))
Өмүрбек Азимбаев: Казан кошуп бергендейби?:-)
Шайырбек Таиров: Атамбаев талаш болуп кетиптирго (((
Рада Курсанбековна: Анда Атамбаев Аяш ава болобу? )
Жунусали Абдиллаев: Кадамжайдын атын булгабагыла!
Данел: Ошондо Ажобуз Айдаркендик эмес, Зардалыдан нары Кожешкендик болуп калат экенда. Кожешкенден Ажонун туугандары Айдаркенге көчүп келсе, демек Ажо да Айдаркенчи болбойтко!
Асадулла: Кыяс агайдын макаласынын ичпалаасын түшүнбөдүм, Эшматтын баласынын эжекесинин агасынын айдоочуусу кошунасы болуп кетиптир го.
Нурик: Сенсациялык ачылыш болуптур десе мен ойлопмун Кыргыздардын тарыхы боюнча ачылыш болгон окшойт деп, бул Атамбаевтин тарыхы мени кызыктырбайт, тарыхта кала тургандай болуп мамлекет башкарса кичине болсо да кызыгырак болот эле, ансыз деле Кыргызстандын президенти болуп тарыхта калат ко бирок, Кыргыз үчүн не кылган дегенде ошондо келечектеги муундар кантип эскеришет муну?
Дайырбек Орунбеков: Баткенден Бишкекке көчүп келгендерди Атамбаев “эмнеге чек араны кайтарбайт?!” деп сынга алды (далил үчүн Атамбаев күпүлдөп сүйлөп жаткан видеотасмага шилтөө берген, коюлган видеотасмада Атамбаев чын эле ички мигранттарды эмнеге чек араны кайтарбайт деп ачууланып жатат)
Зулпидин Нурматов: Эмне Баткендиктер жыргагандан жылкычы болуп жүрүшөбү (( Эми мундака девең )))
Элнура Абдуллаева: Чек араны эми калк өзү кайтарыш керек болуп калдыбы?
Зулпидин Нурматов: Билбесем, ажобуз ошентип жататко)
Төлөгөн Түркбаев: Аа энди башында кевалгандар алды президент, арты апарат башчы болуватса, келеверишеттерда анан уай )
Мойдун Басмачы: Өзү тезек тергени келиптирби Кадамжайдан?
Кубанычбек Нурунбаев: Өзү кантип келгенин унутуп калганго э чамасы..
Канатбек Капаров Ташиевич: Жегенге нан кавай Таш жалай берип, тилдер жарилип кетти ава, анан ылдыйлап келевердикта ава, жаманн көрвөң, ахвал оңолсо кайтавыз ава.
Нурбай Арстанов: Дөөдүр, чек-араны калк өзү кайтарса, министерство эмне, тезек терип, акча айлык алып жатабы? АШ… баштан кеткен..
Самсарбек Самаков: Ошол кайтара турган чек араны тактап бер.
Медетбек Макенов: Ар бир жаран өз жашаган аймагынын чек арасын өзү кайтарса, анда бизге Чек ара кызматынын эмне кереги бар?, армиянын эмне кереги бар?… шордуу гана элбиз да ай ай ай деги ойлонуп сүйлөдү бекен, бул жака эмнеге келдиң деп))))
Ал-Абу-Ки: Оо, Ашава эми Баткендеги чек ара маселесин чечпесе точно элдин да, туугандарынын да, Чынгыштын да кусуру урат.
Зейнура Бердикулова: Одним словом ЧМО
Толкунбай Чи-Ли-Сай: Ааа эми,сакайып кетеви десек, буям сакайвады. Эми айдап башкасын койвосок бовойт, ааавейлер?))))))

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: