Menu

Электр үчүн эмнеге 2 сом 16 тыйындан төлөтүп жатканын өкмөт өкүлдөрү өздөрү билишпейт

Бөлүшүү:

ЖКнын маалымат кызматынан билдиргендей, Парламенттин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин депутаттары электр энергиясынын тарифтерин талкуулашты. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев орто мөөнөттүү тариф саясаты 2017-жылга чейин бекитилгенин, керектөөчүлөр көбөйгөнү менен, электр өндүрүүдө мурдагыдай эле 7 ГЭС, 2 ЖЭБ иштеп жатканын билдирди. Алдыда электр энергиясын импорттоо пландалып жатканы айтылды.

Талкууда депутаттар электр энергиясы импорттолбогон учурда тариф 1 сом 38 тыйын болушу керектигин айтып, учурда жарандар эмне үчүн 2 сом 16 тыйындан төлөп жатканын сурап, жооп ала алышпады. Тарифтер 2 сом 16 тыйын деп негизсиз көтөрүлгөнүн белгилешти.

Жыйынтыгында тарифтерге тийиштүү токтомду кайра карап чыгуу жана импорттоло турган электр кубатын эсепке алуу менен тарифтерди тактоо үчүн өкмөткө 45 күн мөөнөт берилди. Ал эми электр энергиясы импорттолбогон шартта тариф эмне үчүн 2 сом 16 тыйын болуп жаткандыгы боюнча так маалыматты комитет кийинки жыйында уга турган болду.

Булак: “Эл деми”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 24 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: