Menu

Жаз кыргыз оппозициясына жан киргизди… Кулматов президенттике ат салышабы?

Бөлүшүү:

24-мартта Кыргызстанда курултай өтөөрү маалымдалды. Бул иш-чараны оппозиция өткөрүп, электр энергиясына тарифтер, турак-жайга коопсуздандыруу киргизилиши тууралуу айтылмакчы. Ошто өтчү курултайга Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков  өндүү дасыккан кыргыз оппозиционерлери чогулушат. Курултайды уюштурган  буга чейинки эки төңкөрүштүн эң көрүнүктүү, тажырыйбалуу катышуучуларынын бири Азимбек Бекназаров.

Ошондой эле оппозициянын бүткүл өлкө боюнча нааразылык акцияларынын сериясын өткөрүү ниети айтылууда. 14-мартта өлкөнүнүн Түштүгүндө Жалал- Абадда митинг өттү. Аянтка 100 адам чогулуп, алардын алдында облустун мурдагы губернатору, азыр оппозицияда жүргөн саясатчы Бектур Асанов сөз сүйлөдү. Экс-чиновник Ошто бүткүл элдик курултай өтөөрүн маалымдап, Кыргызстандын прези­денти Алмаз Атамбаевдин «отставкага кетип калганга 10 күнү бар экендигин» билдирди. «Эгер антпесе, мыйзамдуу жол менен кетиребиз» деди Б.Асанов.

«Мыйзамдуу жол» эмнени билдирерин саясатчы түшүндүргөн жок, бирок, буга таң калбаса деле болот. Кыргызстандын оппозициялык саясатчыларынын өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн кээде катуу, эч нерсе менен бекемделбеген билдирүүлөрдү жасай бермейлери бар.

Кыргыз оппозиционерлеринин планында эч кандай жаңы деле нерсе жок. Нааразылык акцияларын өткөрүү ниетин алар ар жаз, күз сайын билдиришет. Бул пландар иш жүзүнө ар кандай ашып келатат. Алар­дын бир бөлүгү үзгүлттүккө  учурап, акыркы жылдары митингдер деле болбой калды. Бирок, 2005-2010-жылдары нааразы­лык ийгиликтүү ишке ашып калган да жайы бар. Аламандын кысымынан, жергиликтүү элитанын бир бөлүгүнүн тымызын сүйлөшүүлөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн чыккынчылыгынын айынан   айынан Кыргызстандын эки президенти – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийлигинен кол жууп калышкан.

Акциянын уюштуруучулары салыктардын өсүшүн, кошумча төлөмдөрдүн киргизилишин, ошондой эле жалпы жонунан өкмөт менен президенттен натыйжасыз иштегенин сынга алуу менен нааразылык потенциалын мобилизациялоого аракет кылышат. Идеологиялык, же тышкы саясый мүнөзгө талаптар азырынча коюла элек.

Эгер акыркы жылдардагы кырдаалды талдап көрчү болсок, «азыркы атмосферада өлкөдө оппозиционерлер үчүн жагымдуу шарт түзүлгөн» деп тыянак чыгарууга болот – баалардын жана тарифтердин өсүүсү, жаңы салыктардын жана төлөмдөрдүн киргизилиши, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы, бийлик тарабынан акыркы жылдарда берилген убадалардын аткарылбаганы оппозициянын чырагына май тамызат. Каржы агымдарынын азаюсу да чоң ролду ойнойт – калктын буга чейин ити чөп жеп, бийликке лоялдуу болуп келишкен топтору азыр өз кирешелерин жоготуп коюшту, азыр алар да мамлекет башчысынын душмандарынын катарына өтүп кетүүлөрү мүмкүн. 2017-жылдын күзүнө белгиленген президенттик шайлоолордун жакындап келатканы да кандайдыр бир ролду ойнойт.

Оппозициянын демилгеси чиновниктер арасында тынчсызданууну пайда кылды. «Коомчу- луктун нааразычылыгы» сыяктуу бир катар профилактикалык иш-чаралар көрүлдү. Мисалы, 14-мартта Кербен шаарынын жашоочулары анти- митингте чыгышып, «өлкөдөгү коомдук-саясый турмушту туруксуздаштырууга багытталган ар кандай нааразычылык ак­цияларын токтотууну» талап кылышты.

Ушундай кырдаалда бийлик калкка булчуңу менен чечкиндүүлүгүн көрсөтпөстөн, проблемаларды чечүүгө жөндөмдүүлүгүн, жарандардын турмушун жакшы жагына өзгөртө алаарын да көрсөтүшү керек. ЕАЭСке кирген Кыргызстанды колдоо үчүн  Россия Федерациясы каржылаган кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу экономиканы жандандыруунун инструменттеринин бири болууга тийиш болчу. Бирок, иш жүзүндө фондунун иши анчалык жакшы болуп чыкпады. Дооматты эки тарапка тең Россияга да, Кыргызстанга да койсо болот. Бул түзүмдүн ишинин натыйжалуулугу узак мөөнөт бою сынга алынган соң, фондунун башкармалыгынын төрагасы алмашты. Нурсулуу Ахмедованын ордуна Бишкектан экс-мэри Кубанычбек Кулматов дайындалды. Бул эки жетекчи тең-эскиси да, жаңысы да президент Атамбаевге жакын адамдар. Кулматовдун дайындалышы -анын Москвадагы байланыштарына байланыштуу болушу да  мүмкүн. Анын атасы, белгилүү дипло­мат Кеңеш Кулматов 1997-жылдан бери Россиянын ТИМнин дипломатиялык академиясында проректор болуп иштеп ке­латат. Бишкектеги эксперттик чөйрөдө «Кулматов 2017-жылкы шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири болуп калышы мүмкүн» деген сөздөр айтылууда.

 

Григорий МИХАЙЛОВ, «Независимая Газета»

Булак: “АЗИЯньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: