Menu

Бийлик тараптан кадам болбосо, Аксы эли чек араны коргоого чыгышат

Бөлүшүү:

18-март таңкы саат 7:40тар чамасында Өзбек аскерлери Аксы районунун Сары-Булак участкасына оор аскер техникалары менен бастырып киришкен. 14 саатка чукулдаган убакыттан бери район акиминен башка жогорку бийликтегилер тараптан эч кандай аракеттер көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу Аксы эли чек араны коргоону өз колдоруна алууга даярданышууда.Мындай маалыматты Кашка-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Аскарбек Давлетов жергиликтүү кабарчыбызга билдирген.
Берилген маалыматка ылайык, таңга жуук кирип келген Өзбек аскерлерин тийиштүү органдар байкаган эмес.
“Жергиликтүү тургундар, райондогу бүтүндөй айыл өкмөттөрдүн жашоочулары “бийлик тараптан болгон аракетти 2 күн күтөбүз,болбосо чек араны коргоого өзүбүз чыгабыз”,-деп жатышат. Ал эми Өзбек тарап кимдир бирөө катуурак үн катчудай болсо атып салчудай абалдар турушат. Ошондуктан эл кырылып калбасын деп, араңдан кармап турабыз”,-деп билдирген А. Давлетов.
Ошол эле учурда Аксы районунун жаш активисти Эмил Алимов, “Чек ара маселесин тез арада чечүүнү бийликтен талап кылабыз. Болбосо биз жаштар чек арага өзүбүз барып турабыз”,-деп билдирген.
Жергиликтүүлөрдүн берген маалыматына таянсак, Өзбек аскерлери катуу куралданышкан жана оор аскер техникалары менен турушат. Ал эми кыргыз аскерлеринин колунда жөнөкөй гана автоматтар бар. Андан сырткары, облус жетекчилери же болбосо облустагы күч түзүмдөрү, ал тургай улуттук коопсуздук кызматынан да эч ким барбаганын айтышып, кечке жуук губернатордун орун басары Бактыбек Анаркулов барганын кошумчалашты.
Ал эми Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары Аксы элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирип, учурда абал тынч экенин маалымдады.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Булак: “Аймак”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: