Menu

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Оштун саясый кландары шайлоо боюнча мыйзамды бузуп, СДПКга добуш берүүгө үгүттөп жатышат”

Бөлүшүү:

“Биздин “Аалам” партиясы Ош шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткандыктан мен 28-февралдан бери Ош шаарында жүрөм. Ошто мамлекеттик чоң кызматта иштегендер 4-5 саясый кландарга бөлүнүп алышып, шайлоодо элди бийликтеги СДПК партиясына добуш берүүгө үгүттөшүп, шайлоо боюнча мыйзамдарды бузуп жатышат”, – деп билдирди кечээ, 18-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Ош шаарынан “Аалам” партиясынын теңтөрагасы, экс-депутат Жылдыз Жолдошова.
“Бүгүн Ош шаарындагы Фрунзе орто мектебинде шайлоо боюнча чогулуш болуп жатат дешкенинен чогулган элге биз да өз программабызды айтып калалы деп барганбыз. Барсак мектепти жайнаган милиция кызматкерлери курчап алып эч кимди киргизбей жатышыптыр. “Киргенге болбойт, жабык жыйын болуп жатат” деп башкаларды киргизбей артка кайтарып жатышыптыр. Мен аларды укпай, жаңжал салып, жулунуп кирип барсам Фрунзе мектебине жалаң өзбек туугандарыбызды топтоп алышып, Ош облустук милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаков чогулуш өткөрүп, СДПКга добуш берүүгө үгүттөп жатыптыр. Биринчиден, эмне үчүн жайнаган милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп шаарда жүрүүнүн ордуна шефин кайтарып шайлоонун үгүт иштеринде жүрүшөт? Экинчиден, эмне үчүн мамлекеттик кызматкер Сүйүн Өмүрзаков баардык партияларга калыс болуунун ордуна мыйзамды бузуп бийликтин партиясына үгүттөп жүрөт? Үчүнчүдөн, эмне үчүн шайлоого арналган жыйынды жабык эшик артында өткөрүшөт? Төртүнчүдөн, эмне үчүн жыйынга жалаң өзбек туугандарыбызды бөлүп алып бир улуттуу жыйын курушат? Бешинчиден, эмне үчүн аларга милициянын чоңдору визиткаларын таратышып, “бир проблема болсо бизге телефон чалгыла, биз жардам беребиз” деп “крыша” болуп убада кылышып, анан СДПКга добуш берүүгө үндөшөт? Айта берсе мындай мыйзам бузуулардын чеги жок. Мен Сүйүн Өмүрзаковго “эмне үчүн визиткаларыңарды буларга таратасыңар, эгер буларда проблема болсо милициянын чоңдоруна эмес, эл катары “102” кызматына чалыш керек?” десем, “Министр Мелис Турганбаевдин ушундай приказы бар” дейт. Мен Мелис Турганбаевге телефон чалсам, ал телефонун албай койду, ушундай мыйзамсыз приказ барбы тактайын дегемин. Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовго чалып ушундай мыйзам бузууларды билдирейин десем секретарша кызы алып кошпой койду. Ошондуктан журналисттерге кайрылууга туура келип жатат. Азыр БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Ошко келиптир деп угуп ага баратамын. Мен президент Алмаз Атамбаевди сыйлайм. Кошоматчылары аны жаманатты кылып жатышат. Оштогу дагы бир клан – Матраимовдор кланы өз позициясы бар жаштарды кысымга алып, жалаң “хоп-майли” жаштарды алдыга сүрөп, СДПКга үгүттөп жүрүшөт. Кыскасы Ош шаардык кеңешке шайлоо кампаниясы жалаң одоно мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Кимге арызданарды да билбей калдык,” – деди Жылдыз Жолдошова.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: