Menu

Эргешаалы Озокеев, экс-депутат: “Темир Сариев, кечээ элге башка сүйлөп, бүгүн Унгар тоосун Өзбекстанга өткөрүү боюнча ойго келбеген катты жөнөткөнү туура эмес”

Бөлүшүү:

«Кечээ, 22-мартта Темир Сариев: “Биздин өлкөнүн 1 сантиметр жери эч кимге берилбейт. Бул – Президенттин, Өкмөттүн так, ачык позициясы. Биздин колубузда турган документтер бар. Ошонун негизинде гана сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз”, – деди эле. Тилекке каршы бүгүн Аксыда Өкмөт тараптан кат келип, тез арада кезексиз сессия өткөрүү керектиги айтылган. Кезексиз жыйындын максаты, Кыргызстан тарап, Унгар (Үңкүр-Тоо)тоосунда жайгашкан уюлдук компаниялардын жабдуулары, стратегиялык мааниге ээ болгон буюмдардын баарын тез арада көчүрүп кеткенге биз макулдугубузду беришибиз керек экен”— деп билдирди бүгүн, 23-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешаалы Озокеев.

“Айланайындар, бул жер Темир Сариев жок мезгилинен бери эле ал жер биздики болгон. Унгар (Үңкүр-Тоого) тоосу тээ Совет заманында эле Кыргызстандын ретранслятору жайгашкан. Ал Жалал-Абаддын Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна телерадио толкундарды таратып турат. Ошол эле толкундарды Баткен облусундагы станцияга алып берет. Чек ара тактала элек болгону менен Кыргызстан бул жерди өз аймагы деп билет. Өзбекстан бул жерди талашып жатканы таң калычтуу. Биз бул жерди бербейбиз. Эгерде бул жер Өзбекстанга өтүп кете турган болсо баардык нерсеге даярбыз. Темир Сариев, кечээ элге башка сүйлөп, бүгүн Унгар тоосун Өзбекстанга өткөрүү боюнча ойго келбеген катты жөнөткөнү туура эмес”,- деди Эргешаалы Озокеев.

Эске сала кетсек, 2015-жылы май айларында “Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар тоосу сатылып кетти. 2015-жылы 17-майында Аксы районундагы баардык жетекчилер тарабынан кол коюлуп, Унгар тоосун Өзбекстандын курамына кошуп беришти” деген маалымат тараган. Аталган маалыматты Аксы районунун акими Медет Айдаралиев ошол эле жылы 29-майда четке каккан. Тилекке каршы жыл айланбай Унгар тоосу кайрадан талашка түшүп, учурда Унгар тоосунун тагдыры талашта турат. Эртеңки келечекти ойлобогон жер менен тоону сатып көнүп калган кыргыз бийлиги учурдагы кадамга кандай барат күтө туралы.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: