Menu

Абдишарип Бекилов, журналист: «Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин «Азаттык» радиосуна «Чала-Сарт» деген талаштуу аймакта ушундай окуя болду дегени карандай калп»

Бөлүшүү:

Өткөн жылы Өзбекстандын жарандары жолго чейин чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын унааларын ташбараңга алышып, талкалашкан

Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар ал жерде. Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор болуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге салган? Бул жол курулганга чейин Кыргызстандын Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли Өзбекстандын Нанай, Могол деген айылдары аркылуу облус жана Республиканын борборуна каттап жүрүшкөн. Өзбекстан бийлиги өткөрмө постторду куруп, текшерүүлөрдү күчөтүп, жолдорду казып, кыргыздарды азапка салгандан кийин 22 чакырым келген Кербен-Ала-Бука айланма таш жолу салынган. Кийин шайлоолордун шарапаты менен ал жол асфальтталган. Кыргыздар ээн-эркин жүрүп калышкан, ал эле эмес, Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери азыркы Өзбекстан тосуп алган жерлерди кайтарууга алып жүрүшкөн. Өткөн жылы Өзбекстандын жарандары жолго чейин чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын унааларын ташбараңга алышып, талкалашкан. Кыргыз тараптын реакциясынан кийин, тынчып калышкан. Өзбек бийлиги унаа жолго жакын жайгашкан турак жайларды бузуп, элин көчүрүп кетип, ошол аймак нейтралдык аймак катары калган.

Элдин башын айландырып, Чала-Сарт айылында дегени такыр туура эмес

Эми Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин «Азаттык» радиосуна «Чала-Сарт» деген талаштуу аймакта ушундай окуя болду дегени карандай калп, элдин башын айландыруу. Чала-Сарт деген айыл Өзбекстандын айылы, тээ Акаев Президент кезинде Аскар Акаевге бизди Кыргызстанга эле өткөрүп албайсызбы, кыргыз мектебибиз да жок кыйналып, өзбектешип кетмей болдук маанисинде кат жаза коюшуп, анысы Өзбек Президенти Каримовдун колуна тийип, жылдап пенсия, пособий албай кор болуп, акыры өзбектешип кетишти. Көпчүлүгү Кыргызстанга көчүп чыгып кеткен Өзбекстандын айылы болуп эсептелет. Элдин башын айландырып, Чала-Сарт айылында дегени такыр туура эмес. Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы Могол айылы дегени андан да туура эмес, Могол айылы окуя болгон жерден 10-15 чакырым алыстыкта жайгашкан Кыргыз мектеби бар, жалаң кыргыздар жашаган Өзбекстандын айылы болуп эсептелет. Союз жаңы таркаганда Могол айылы талашка түшүп, Өзбек бийлиги Могол айылынын 5-6 аксакалын акчага сатып алып, ошолордун оюн угалы, алар кандай айтышса, маселени ошондой чечебиз деген шарт коюшкан экен. Ошентип акчага сатылган аксакалдардын сөзү менен 100% кыргыздар жашаган Могол айылы Өзбекстанга карап калган дешип, бүгүнкү күндө Моголдуктар ошол аксакалдарды сөгүп жүрүшөт экен. Дагы бир жолу баса белгилеп айтамын, Өзбекстан басып алган Кербен-Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасы болуп эсептелет. Өзбекстандын айылдарында жашаган кыргыздар жыл сайын Кыргыздардан суранышып, малдарын ошол Сары-Булак айылына жайып да кетишчү, акыркы 10 жылда Кыргыз Чек арачылары алардын малдарын такыр киргизбей калган. Эми ошол жерди Өзбекстандын көксөп турганы акылга сыйгыс көрүнүш болууда.

Жусупжан ЖЭЭНБЕКОВ, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору: «Жарандык коомдун да чыдамы кете баштады, кокус күкүрт чагылып кетсе, акыры жакшы болбойт»

— Бул кырдаал бийликтин дипломатиялык иш алып баруудагы алсыздыгынан келип чыкты. Учурда минтип, кулак түрүп отурбай, эл аралык, дүйнөлүк коомчулукту бул маселеге тартуу зарыл. Өкмөт башчысы, Өкмөт башчынын орун басарлары, Чек ара кызматынын башчысы азыр ошол жерде болуп калуусу шарт эле. Тилекке каршы абалды байкап гана тургандай түр калтырууда. Мага да туш-тараптан телефон чалуулар болуп жатат. Облустун мурдагы жетекчиси катары менин бул маселе боюнча да оюмду, талаш-тартыш болуп жаткан жерди сурап жатышат. Негизи таң каламын, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү ошол тараптан, Аксы районунун акими ошол жерден болуп туруп, жер суулардын аталышын тактабай туруп, Могол, Чала-Сарт деп айтып жатышы такыр туура эмес жана чоң жаңылыштык. Жарандык коомдун да чыдамы кете баштады, кокус күкүрт чагылып кетсе, акыры жакшы болбойт. Эң биринчи кезекте бийлик, оппозиция да акыл менен иш алып барышпаса болбойт. Бардык кызмат орундарынан мамлекеттин бүтүндүгү жогору тураарын унутушпаса. Бийлик башындагыларды ар бир сөзүн талдап сүйлөөгө чакырат элем.

Булак: “Эл деми” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: