Menu

Абибилла Пазылов, жазуучу: Айтматов жөнүндө фильмди тартуу иши кызуу жүрүп жатат

Бөлүшүү:

-Сценарийге сиз авторлук кылган, тартыла турчу тасма иштери кандай жүрүүдө?

-“Айтматовдун ааламы. Айтматовсуз аалам” даректүү фильмин тартуу иши кызуу жүрүп жатат. Жакында жазуучуну Өзбекстанда кандайча окуп, кантип эскерип жаткан туурасындагы тасмаларды көрүп чыктык. Режиссёр Бакыт Карагулов сценарийге ылайык айрым белгилүү адамдардын Айтматов тууралуу пикирлерин тартууну улантууда. Режиссёр-топтоочу (монтажёр) Ракыя Шаршенова тартылган материалдарды жөнгө салууга киришти. Фильмде пайдаланууга сунушталган жазуучунун тексттерин, ал жөнүндө башка жазуучулар айткан сөздөрдү мен даярдап бердим. Кадр артынан окула турган текст, ойноло турган музыканын үстүнөн да иш жүрүүдө. Чыгармачыл топтун бардык аракети фильмди учурунда бүтүрүүгө багытталганын айта кетүүгө тийишмин. Каржы, техника менен камсыз кылуу жагынан кемчилик жок. “Кыргызфильмдин” жетекчилиги жакшы шарт түзүп берди.

– Тасманы тартууга каражат Өкмөттөн толук эле бөлүндүбү?

– Өкмөт өзүнө байланыштуу жагын толук аткарып жатат.

– Айтматов тууралуу сценарий жазып калууңузга эмне түрткү берди?

-Чыңгыз Айтматовдун көркөм-эстетикалык мурасы, сабактары дагы көптөгөн тасмаларды тартууга, спектаклдерди коюуга, макала, изилдөөлөрдү жазууга шыктандыра берет деп ойлойм.

– Эмне себептен режиссёрлордон Бакыт Карагулов тандалды, ал кишиден башка режиссёрлор деле “мен тартайын” дештиби?

– “Мен тартайын” дегендер болду шекилдүү. Тигил же бул кинону ким тартмагын чече турган мекеме-уюмдар бар. Ошолор Бакыт Назаркуловичке токтолуптур. Асыресе, аталган режиссёр Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча беш көркөм фильм тарткан инсан. Жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү фильмдерди да тартып, ошондой иштерге катышып келатат. Чыңгыз Төрөкуловичтин өзү менен да тыгыз чыгармачылык карым-катышта жүрдү.

-Көчмөндөр оюнуна көбүрөөк көңүл бурулуп, Айтматовдун 90 жылдыгына көп көңүл бурулбай калган жокпу?

-Баары өз орду менен өтө берсин. Каршылык, ичи тардык жок. Жазуучунун мааракесине көбүнесе жазуучулардын өздөрүн тартып иштетишсе, Айтматовдун шылтоосу менен көркөм адабиятка, жаратман авторлорго коомчулуктун көңүлү бурулса деген эле ой.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: