Menu

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду менен бийлик өзү ымалашпы же диплому жок директорлор

Бөлүшүү:

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду акыркы жылдары жакшылыктуу жетекчиликке жарыбады. Анын айынан фонд кемчиликтерден арыла албай келет. «Куйругунда калбыры» барлардын бири директор, бири орун басар болуп фондду каалагандай калчап жаткандары тууралуу кеп жаңылык деле болбой калды. Мурунку жетекчи Руслан ЭЛЕБЕСОВдун аркасынан арызданган курулуш фирмалары анын далай мыйзамсыз иштерин айтып келишкен. Алар премьер-министр, президентке чейин кайрылууларын жөнөтүшкөн. Бирок, эмнегедир келген текшерүүчүлөр жеткиликтүү чара колдонбой кетип жатканы да айтылып келет. Ишинде кемтиги арбын Элебесов директорлук кызматынан кетип, орун басарлык орунга отурган. Ал эми директорлукка болсо облустун өкүлчүлүгүнүн  мурунку аппарат жетекчи Улан МАЛИКОВ келген. Ал да Элебесовдон кем эмес, келе элек жатып эле сынга баткан эле. Ошентсе да аны директор кылып тынышкан. Бул эки эптүү жигит революциянын аркасынан адашып келген кадрлар катары элге таанымал. Чынында, революциянын шары менен кимдер гана кызматка келишкен эмес. Элебесовдун жогорку билими жоктугу тууралуу канча какшап жазсак дагы, ал кайсы окуу жайын бүтүргөндүгүн айтып бере алган эмес. Ошондой эле азыркы фондун жетекчиси У. МАЛИКОВдун дагы жогорку билими жоктугу айтылып жатат. Мына билимдүүлөрдүн эмес, эптүүлөрдүн заманы болгону… Элдин ырыскысы болгон Кумтөрдүн 1% акчасын кемтиги арбындар башкаргыдай, эмне бийлик жарытылуу кадр таппай калганбы же алар менен бийлик өзү ымалашпы? деген суроого аргасыз кептелесиң. Себеби булар тууралу канча айтылса да, премьер-министрге, президентке чейин жазылса эч жыйынтык чыкпады. Тескерисинче, фондко Улан Маликов директор болуп, Элебесов анын орун басары болуп отурат.  

Өнүктүрүү фонду Ажону деле тоготушпайт, кыязы…

Буга чейин жыл айланса да айтылган кемчиликтерге көңүл бөлгөн киши чыкпады, бөлсө да ал басылып калганы айтылууда. «Президентибиз А.Ш.Атамбаев коррупцияга каршы катуу күрөш жарыялап, мамлекеттин казынасына кол салган чиновниктерди тазалап жатса, Ысык-Көл обласынын ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев (мурунку өкүлү) аны колдогондун ордуна, кайра анын тескерисин жасап; президенттин өлкөнү коррупциядан тазалоо саясатын бурмалагандарга көз жумуп атканына өкүнүч айткандар редакцияга байланышкан болчу. Алардын жазганына караганда, кыргыз өкмөтүнүн эң көйгөйлүү маселеси «Кумтөр» проектиси, андан Ысык-Көл облусуна түшкөн акчаларды Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун мурунку директору, (азыркы орун басар) Руслан Элебесов коррупцияга айлантып жатканын кандай түшүнсө болот? Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен негизделген бул фондду Руслан Элебесов приватташтырып алды беле?  Руслан Элебесовдун жогорку билими жок, курулуш боюнча тажрыйбасы жоктугуна карабай, Ысык-Көл облусунун өкмөттөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Каптагаевдин мындай жооптуу кызматка дайындаганына түшүнбөйбүз. Ысык-Көл обласынын өнүктүрүү боюнча башкармалыктын директору Элебесов Русландын кызматын кыянаттык менен пайдаланып, тендерден утуп алган курулуш ишканаларын кыйнап, акчаларды пайдаланууда ачык эле пара талап кылып, жатканын билдирели деп, редакцияга кайрылгандар фонддун айрым кызматкерлеринин Р. Элебесов тууралуу айткан сөздөрүн жана чындыкты жеткирмекчи болуп кээ бирлерине токтолуптур.

Каптагаевдин 2014-жылы 12-июнда чыгарган №225 тескемеси мыйзамсыз

Атүгүл, кайрылуучулар Р. Элебесовдун «Өнүктүрүү фонддун директорлук кызматына мыйзамсыз бекигенин жана Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаевдин 2014-жылы 12-июнда чыгарган №225 тескемеси мыйзамсызэкенин баса белгилешти. Себеби, Э.С. Каптагаев 2014-жылдын 4-июндан 21-июнга чейин, Кыргыз өкмөтүнүн ошол мезгилдеги Премьер-министри Ж.К. Оторбаевдин буйругунун негизинде эмгек өргүүсүндө болгон. Бул отпуск учурунда Э.С. Каптагаев иш кагаздарга кол коюууга укугу убактылуу чектелүү болчу. Анын ордуна убактылуу губернатордун милдетин биринчи орун басары аткарат эле. Бирок, Эмил мырзанын аппарат жетекчиси Улан Маликовго, Руслан Элебесовго тигинтип кол коюп берет. Эми койгон адамы Руслан мырза болсо курулуш иштерин уюштурууда тажрыйбасы жоктугунан, фонддун акчаларын бөлүштүрүүдө көп катачылыктарды кетирип, салынып жаткан курулуш обьектилери «долгостройго» айланып жатканын айтышат. Бул тууралуу  курулушчулар аталган «каармандар» ЭМИЛ КАПТАГАЕВ, УЛАН МАЛИКОВ, РУСЛАН ЭЛЕБЕСОВ, ЖАРКЫН ИМАНОВАлардын үстүнөн премьер-министр ж.б. арыздарын жазышкан. Бул айтылган кемтиктер оңдолмок турсун, күчөп барат.

Арманы ичте калган арыздар

Руслан Элебесов ар бир уткан подрядчиктен 0,5-10% чейин утуп алганы үчүн акча талабын коерун, тендерлер дайыма мыйзамсыз өтөөрүн, утсаң да оңой менен акчаны ала албасыңды айтып, арызданышкан арыздары текшерилип оңдуу жыйынтык чыкпаган курулуш фирмаларынын жетекчилеринин армандарынан үзүндүлөргө токтолсок:

Кадил АЗИЕВ, “Жоомарт-Элес” курулуш компаниясынын жетекчиси:  «Бул фонд каралап, арызданып жаткан фирмалардын баарынан акча алат. Башкача айтканда Руслан Элебесов тендерге катышкан курулуш компаниялардан 50 миңден жогору акча талап кылат».

ОсОО «Кабаснабстрой» курулуш фирмасынын директору 7-апрель революциясынын баатыры У.Ж.Усенов мындай: «Менин фирмам Бишкекте катталган. 2014-жылы декабрь айында Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун өткөргөн тендерине катышып, 900 миң сомго Ысык-Көл районундагы Абдрахманов айыл өкмөтүндөгү Улуу Ата_Мекендик согуштун эстелигин курчоо иштерин утуп алгам. Ал курулуш иштерин 9-майга карата бүткөрүшүм керек болчу. Элебесов акча которууда кол койбой мени декабрдын аягына чейин убара кылды. 30-декабрда Бишкектен Караколго кайра-кайра барып жатып, араң акчаны которттум. 2015-жылдын  апрел айында курулуш иштерин бүтүрүп, комиссияга өткөрүп бердим. Өнүктүрүү фондуна отчет менен май айында барып, Р. Элебесовго кол койдурайын десе, «Сен мага эмнеге жолукпай койдуң» деп дооматын артып, отчетко кол койбой койду… Бир жумадан кийин кол коюлганын фонддун технадзору Кубан байке айтты, жана ал бул кызматка орношуш үчүн Р. Элебесовго 1 жылкы бергенин айтып, менден 30миң сом сурады» — деп билдирет. Ушул өңдүү дагы бир «Топ Инфо плюс» курулуш фирмасынын директору Жусупов да: «Тендерди утуп алып, ал обьектинин акча-каражатын которуу үчүн менден 50 000сом талап кылган» деп жазат.

Ысык-Көл фондун “эптүүлөр башкарат 

Элебесов фонддун директорлук кызматына мыйзамсыз бекигени аз келгенсип, билими да жогорку эмес экен. Анысы аз келгенсип арты да таза эместигин кайрылуулардын биринде мындай жазылат: «Мурда бул кызматтка чейин 2010-жылы 7-апрель элдик революциядан кийин Р.Элебесов Жети-Өгүз районуна аким болуп, райондун бюджетинен 6млн. сом максатсыз пайдалангандыгы тууралуу, прокуратура тарабынан иш козголуп, бирок белгисиз себептер менен ал иш аягына чыкпай калганын жана акимчиликтин короосуна 1 көздүү дараткананы 1,5млн. сомго курдурганда, Жети-Өгүз эли Р.Элебесовду кызматынан бошотушуптур.

Бухгалтери Иманова Жаркын өзүнүн айлыгына мыйзамсыз 25% надбавка кошуп, 50миңден 100 миңге чейин айына айлык алып келген

Дагы эле кайрылууларда: « Өнүктүрүү фонддун гл.бухгалтери Иманова Жаркын (Элебесовдун аяшы) өзүнүн айлыгына мыйзамсыз 25%надбавка кошуп, 50миңден 100 миңге чейин айына айлык алып келгени, Р.Элебесов менен Ж.Иманова өз билгендерин кылып фонддун штаттык бирдигин көбөйтүп өз тааныштарын жана туугандарын кызматка алып келишет. Р.Элебесовдун бир тууган кайниси Бийбаев Мукамбет фонддо юрист, отдел госзакупкада тендер өткөрөт… Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген 2014-жылын фонддун кызматкерлеринин айлык акысынан (2млн) кыскартылып, жылдын аягында тескеме аркылуу ар кандай иш чараларга мыйзамсыз жумшалганын жана бүгүнкү күндө да мыйзам бузуулар уланып жатканы…

Ысык-Көл обласындагы текшерүүчү орган кызматкерлеринин У.Маликов менен Р.Элебесов тилин таап, өнүктүрүү фонддо коррупцияны күчөтүп, У. Маликов «Тойота Ленд Крузер» автоунаасын менчикке сатып алганын, Р. Элебесов 3млн. сомго Бишкектен үй сатып алганын жана экөө тең Каракол шаарынан участок алышып, үй салып баштагандарын» билдиришти. Чөптүн башы бекер кыймалдабайт демекчи, мамлекеттик кызматтагы адамдар тез аранын ичинде ушундай байлыкка ээ болуусунун өзү эле коррупциялык системанын иштеп жатканын билдирбейби. Болбосо, мамлекеттик айлык менен байлык жыйа албасың белгилүү эмеспи. (Гезитибиздин кийинки сандарында Ысык-Көл өнүктүрүү фондунун орун басары Р. Элебесов Каракол шаарында салып, бүтүп калган хан сарайынын сүрөтү, фонддогу жаңы жоруктар тууралуу иликтейбиз )

Белек НОГОЙ

Булак: “Эл деми”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: