2016-жылдын 24-мартынан тартып аба-ырайынын кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдыгына өттү. Бул тууралууКР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-январындагы №5-токтому менен бекитилген “Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана министрликтин күч каражаттарын дайым даярдыкта кармап, катталган өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун атайын буйругу чыкты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ