Menu

Сариева кимди Эйнштейн кылгысы келип атат?

Бөлүшүү:

Билим берүү тармагында акырык учурларда коррупция менен кармапылып бети ачылгандардын катарын саны арбыды. Айрыкча өлкөнүн сыймыгы болгон, Улуттук Университеттеги акыркы көрүнүш көпчүлүктү ирээнжитти. Ананчы эшегине жараша тушагы дегендей билим берүүнүн башында турган министр эжекебиз өзү мектепте же жогорку окуу жайда жок дегенде үч саат сабак берген педагог болсо түшүнөт эле.

Эльвира Сариева чындыгында билимдүү болгону менен тармакты жөнгө сала албай жатканы айкын көрүнүш. Мектеп менен жогорку окуу жайды кой, бала бакчага киргизүү кыйын болуп каллы деген карапайым калктын сөзүн кулак сыртынан кетирип, «ар бир окуучуга планшет алып беребиз» деп «тескери темингени» тан калтырат.

Ырасында технология менен окуп, жетишкендиктерге жеткен жакшы иш, бирок, бул жагы жылаңач туруп алып кышка даярмын деген ураанга окшоп калган жокпу? Ананчы бирдиктүү бир форманы киргизе албай, же билим берүүнү жакшырта албай жатып планшет алып берсе эле келечек муун Аль­берт Эйнштейн болуп кетмек бе­ле. «Обу жок аял орсок уй саайт» боло берген билим берүү министрин «кой, ай» деген бирөө жок. А өкмөтүбүз болсо анын эмес өзүнүн алапайын таппай жатат. Айтор, айтаарга сөз жок.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: