Menu

Жанарбек Надырбеков: “Өзбекстандын чек арачылары Аксыдагы Сары-Булактан өз аскерлерин чыгарып, тосмолорун алып кетишти”

Бөлүшүү:

«Бүгүн, 26-мартта эрте мененки саат 7ден баштап Өзбекстан Аксы районунун Сары-Булак участкасындагы чек арадан өз аскерлерин чыгарып, тосмолорун бузуп алып кетишти» – деп билдирди  Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков.
«Эртең менен Өзбекстан тарап, баардык тосмолорун алып кетишкенин билдиришти. Бирок эки мамлекеттин ортосунда кандай сүйлөшүүлөр болуп, кандай шарт менен өзбектер Сары-Булактан аскерлерин чыгарып кетишти? Мени ошол ойлондуруп жатат. Темир Сариевдин, 2015-жылы 23-ноябрда /№18-177/аталган Унгар-Тоодогу жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча протоколу бар экендигин жана ал протокол эч кандай жасалма эмес экендигин эскерте кетүү менин жарандык милдетим”- деди жергиликтүү депутат.
Эске сала кетсек, 18-мартта Аксы – Ала-Бука аймагындагы Сары-Булак участкасына өзбек чек арачылары мыйзамсыз аскер техникалары менен кирип келишкен. Ошол Өзбекстан бийлигинин көзү кызарып, талашка түшкөн жер 38 гектарды түзөт. Жогорудагы ызы-чуу башталгандан бери “Узбекстан считает Унгар-тепа своей горой” деп, Өзбекстандын маалымат булактары бир эмес бир нече жолу маалымат таркатты. Аталган маалыматка Кыргызстандагы эксперттер же болбосо аттуу-баштуулардын бири дагы үн ката элек. Үңкүр-Тоонун тагдыры кандай чечилди азырынча белгисиз. Себеби жергиликтүү депутаттардын айтымына караганда Темир Сариевдин протоколу жасалма эмес, ал расмий жол менен Бишкектен Аксыга жөнөтүлгөн.
Унгар-Тоо протокол2
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: