28-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы алдында чек ара коопсуздугун сактоо жана бекемдөө боюнча жыйын өттү.
Жыйын жүрүшүндө, Премьер-министр Темир Сариев кыргыз-өзбек чек арасындагы акыркы окуялар сүйлөшүү жолу менен чечилгенин жана мында тиешелүү мамлекеттик органдар өз ишин ыраттуу түрдө алып барганы оң жыйынтык бергенин билдирди.
Өкмөт башчысы мындай окуялардын кайталанбашы үчүн, тиешелүү жыйынтык чыгарып, бул жааттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирди. Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү буга чейин кабыл алган токтомдордун негизинде Кыргызстандын аймагындагы башка өлкөлөр пайдаланып келген обьекттерди мамлекеттик менчикке өткөрүп алуу жана инвентаризациялоо ишин улантуу зарылдыгын белгиледи.
Ошондой эле Темир Сариев маалыматтык коопсуздукту күчөтүү жана өлкөдөгү байланышты, интернеттин сапатын жогорулатуу максатында Аксы районундагы кошумча РРСти куруу боюнча ишти жүргүзүүнү тапшырды. Темир Сариев чек ара маселелерин чечүү үчүн ар бир мамлекеттик орган өз ишин так жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын билдирип, тиешелүү тапшырмаларды берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ