Menu

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Кылмыштуу топтун “өкүл атасы” Жогорку Соттун коллегиясынын төрагасы Канат Турганбековбу?”

Бөлүшүү:

Үркөрдөй болгон кичинекей мамлекетибизде өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтор кулачын кенен жайып, коомчулуктун үрөйүн учурууда. Ошол эле мезгилде кылмыш аталыктарынын ысымдары да эмнегедир жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыяланып, “кадырланып” келет.

Улам кийинки өсүп келе жаткан муундар айлана-чөйрөдөгү бай адамдардын жашоосун көрүп, окубай, иштебей туруп, арам жол менен байыган кылмыш аталыктарды үлгү кылып, “чёрный” же “брат” болууну эңсеп калгандары жашыруун эмес. Өзгөчө атагы атпай журтка белгилүү Рыспек Акматбаевди эл оозунан түшүрбөй, дүйнөдөн өтүп кетсе да, жаркын элеси унутулбай легендага айланган. Ал эми бүткүл дүйнөгө шерменде болгон алкы бузук бийликти,  акчанын ордуна “кукла” берип, президентти баш кылып, генерал, прокурорун төш кылып, буга дарыгерин, мед-суд эксперттерин кошуп алдап кеткен “мыйзамдагы ууру” Батукаевди самолеттун трабына чейин узатканын көрүп, “ай, кемчонтойлор” деп жер тепкилеп кала бердик. Кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Эркин Мамбеталиев өмүр бою эркинен ажыраган жеринен бошоп, Индия киносундагыдай түрмөдөн чыга калып, заңгыраган үйгө кирип, кандан, бектен кем эмес, манчыркап жашап жатканы түшкө кирбеген иш болду. Азыр Эркин мырза кылмыш аталыгын алып, эң бай адамдардын катарында жан сакчы күтүп, коомдук иштерде меценаттык кылып, ал эмес журналисттерди, саясатчыларды каржылап келүүдө. Айтылуу Камчы Көлбаевди алсак, аты алыска тарап, бүткүл Орто Азиянын “криматалыгына” ээ болуп атат, ал эмес Барак Обама да анын ысымын атап жүрөт имиш. Жакында кылмыш дүйнөсү “Сакал” жана “Карышкыр” каймана ысымдары менен белгилүү дагы эки “ууру” менен толукталды.

Кылмыш топторго колдоо көргөзүп, алар менен табакташ болуп, тең бөлүшүп келгендер кылмыш чөйрөсүнө “өкүл ата” болуп алышкан милиция, прокуратура, соттор экендиги беш манжадай белгилүү. Элибиздин, мамлекетибиздин шору, көйгөйү дал ушунда, же болбосо,  “иттин өлүгү” дал ушу жерде көмүлгөн.

Кой терисин жамынган карышкырлардын катарында террористерге колдоо көргөзүп келген КРнын Жогорку Сотунун мүчөсү, Жогорку Соттук кеңештин төрагасы Канат Турганбеков да бар. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн фактыга таянсак. КРнын ЖКнин депутаты Санжар Кыдыралиевди 2009-жылдын 14-апрелинде атайын буюртма менен атып өлтүргөн киллер Алтынбек Итибаев издөөгө алынган. 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул спорт сарайында жардыруу уюштурган деп табылып, Свердлов райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошол эле убакта Бишкек шаардык соту аталган кылмышкердин жаза мөөнөтүн 21 жылга кыскартып, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн режимге которгон. Көп өтпөй А.Итибаевди түзөтүү колониясына чыгарыщкан.

2013-жылдын 22-февралында Свердлов райондук соту А.Итибаевди “күнөөлүү” деп таап, оор кылмыш жасагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратып, өзгөчө режимдеги абакка кайрадан которот. Сегиз айдан кийин 2013-жылдын 10-октябрында Бишкек шаардык соту өтө коркунучтуу кылмышкерге сот өкүмүн жеңилдетип, өзгөчө оор кылмышына карабай жаза аткаруу мөөнөтүн жыйырма бир жылга кыскартат. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде А.Итибаевге үч жолу амнистиялык колдоо көргөзүлөт. Туура бир жыл мурун 2014-жылдын 21-октябрында бул кылмыш иш боюнча Жогорку Соттун коллегиясы админстративдик мыйзам бузуу үчүн деп түзөтүү колониясына чыгаруу өкүмүн күчүндө калтырган. Чындыгын айтканда, бул чуулгандуу мыйзамсыз иштердин баары Жогорку соттун коллегиясынын төрагасы Канат Турганбековдун колунан өтүп, анын буйругу менен болуп келген.

Мындан тышкары, Нарын обласынын “смотрящийи” катары “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү Тариель Жумагулов Камчы Көлбаевдин уюшулган тобунун мүчөсү деп айтылат, ошол эле Канат Турганбековдун жардамы менен кылмыш жоопкерчиликтен кутултуп турган. 2001-жылы Тариель Жумагулов 21 жылга кесилип, темир тордун артына түшкөн, бирок, таң калыштуусу рецидивист кылмышкер бат эле кутулган. Анын качан бошоп, түрмөдөн чыкканын эч ким билген эмес. Ал 2012-жылы эркиндикте жүргөнүндө кайсы бир бизнесменди коркутуп, тоноп жатканда кармалат. Жумагулов тогуз жылга кесилип, көп өтпөй шаардык соттон таптаза акталып кетет. Кийин Бишкекте өткөн атайын операцияда казакстандык эки террорист менен кошо жок кылынат. Ушул эле операцияда Алтынбек Итибаев дагы колго түшөт.

Айрым маалыматтарга таянсак, Канат Турганбеков А.Атамбаевдин кудасы Алымбай Султанов аркалу колдоо тапкан. Эгерде ажо Атамбаев колдоо көргөзбөгөндө өзүн өзү билген К.Турганбеков эбак эле мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кызматтан айдалмак.  Көмүскө иштери ачыкка чыгып келгенде дагы, эч кимди тоготпой, жазага алынбай, тескерисинче, ээн-эркин кызматтан көтөрүлгөнүнүн себеби ушунда.

Айтмакчы, Канат Турганбеков менен чогуу карьерасы көтөрүлгөн Качыке Эсенканов биз жогоруда белгилеген соттук териштирүү кеңешмелерине катышкан, натыйжада, соттук териштирүүдөн кийин уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жазадан кутулуп кетип турушкан. Ак Үйдөгү колдоосу аркылуу К.Турганбеков Жогорку сот кеңешинин төрагалыгына дайындалды, ошондой эле, КРнын Жогорку сот башкармалыгынын мүчөсү. Андыктан, анын арааны ачылып, коррупцияга катыштыгы бар деп айтылып келсе дагы, соттук кенешти башкарып, мыйзамга туура келбеген аракеттерди тайманбай жасап, өлкөдөгү каалаган сотту өз билгениндей буйрук менен калчап, башкарып, ээлик кылып жатат. Ал эми кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын көздөгөндүгү үчүн өкүл аталык же орусча айтканда, “Крёстный отец”  статусуна ээ болгон. Ошентип, Жогорку соттон кылмышкерлердин көбү кутулуп, эркиндикте жүрүп жатканынын себеби анын “крестный отец” болгондугунан улам чыгар. Балким, кайсы бир деңгээлде ал чындап эле кылмыштуу топтордун акчасы менен карьерасын куруп жаткандыр. Арийне, Жогорку соттун жардамы менен бардык кылмыштуу топтор, кылмышкерлердин “элитасы” К.Көлбаев, А.Батукаев, “Карышкыр” жана башка “мыйзамдуу уурулар” эч бир жазасыз жүргөнү, ал эми аларды көргөндө чөк түшө калып, ардактап жүргөнүбүз кашкайган чындык. Керек болсо парламент, өлкө башчы, күч органдары, баары криматалыкты көргөндө, ыйыгындай сыйынып жүрүшөт. Ушул эле К.Турганбековдун кесепетинен жакында 9 адам өлүп, Бишкектен бир нече үйлөр талкаланып, 10 миллион сомго чыгымга учураса да, баардык чыгым мамлекеттин бюджеттин эсебинен каржыланып, кыйраган үйлөр калыбына келтирилди. Өлкө башчысынын кылмыштын өзөгүн изилдебегендиги өкүнүчтүү, ошол эле убакта мындай каргашага ким күнөөлүү деген бир дагы чиновник жок. Анткени, кылмышкерлер колдоосу болгондугу үчүн жаза албай, колдоо кылган адамды дамамат ыраазы кылып турат экен. Ошол эле өтө коркунучтуу киллер, террорист деп сот тарабынан табылган А.Итибаев үч жолу амнистия алып отурат. Ал эми колунда жок шордуу же жарандык активисттер, буйрук менен кесилген саясатчыларга бир дагы амнистия берилбей келет. Ушундай мыйзамсыз баш аламан кадамга барган соттордун ишин көзөмөл кылбаган прокуратуранын дагы чоң күнөөсү бар, террористке, адам өлтүргөнгө үч жолу амнистия берген прокуратура өзүнүн укугунан жогору аша чаап, мыйзам үстөмдүгүн тебелегени ачыктан ачык көрүнүп турат. Бир чети мындай ишке Ак үйдүн колдоосу болбосо, ошондой эле, КРнын экс-Башкы прокурору Аида Салянованын макулдугусуз амнистия ишке ашырылмак эмес. Кыскасы, мыйзам сакчылары кылмышкер аталыктардын эсебинен күн көрүп, өкүл аталыкка барып атса, анда баш аламандыкка жакындап калдык.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: