Menu

КТРКга жаш сулуулар “төшөк аркылуу” гана тандалып алынабы?

Бөлүшүү:

Жакында “тубаса менеджер” аталган Илим Карыпбеков жетектеген КТРКда чоң чуу чыкты. Кептин ток этери – КТРКнын жетекчилигиндеги айрым адамдар практикага келген кыздарды “эфирге чыгасың” шылтоосу менен “жайлап”, анан убадасында турбай жатыптыр…

Мына ошондой катаал тагдырга тушуккан жаш сулуулардын бири КТРКнын Байкоочу кеңешине расмий кайрылыптыр. Айтымында, ал КТРКга практикага барган учурунда Социалдык-экономикалык инновациялык программалар редакциясынын жетекчилеринин бири З.О. “эфирге чыгасың” шылтоосу менен алдап, арам ишин бүтүргөн соң (андай жолугушуулар көп убакытка созулган имиш) убадасынан тайып, “мен сени билбейм” дегенге чыгыптыр. Жаш сулуу (аты-жөнүн этикалык жагдайдан улам жашырдык) көп өтпөй боюна бүтүп, “эмне кылабыз?” деп кайрылса, тигил абийирине шек келтирген ыплас кептерди айтып тилдегенден улам, Байкоочу кеңешке кайрылууну туура тааптыр. Баса, арманын айтып Илим Карыпбековго кирген экен, ал “знать не знаю” деп, кайра кызды тилдеп узатканы угулду.

Байкоочу кеңеш төрагасы Абды Сатаров деле ачык, “жабыркаган тарап үстүнөн кайрылган КТРК кызматкери мурда башка жерден да дал ушундай жоругу үчүн айдалган. Анда кийинки карьерасына жолтоо болбош үчүн Эмгек кодексинин беренесинин колдонушкан эмес. Көрсө, көнгөн адат калбайт экен. Мындай адамдар КТРКнын кадырын кетирет”,- деп ачуу чындыкты ортого койсо, И.Карыпбеков: “бир эле случай үчүн аны кызматтан ала албайм, эки-үч адам кайрылса другой иш”- деп кутулганы эмнеси? Илимдин корккону эмне? Же… аркысын айтпай эле ак коёлу.

Айтор, аргасы куруган жаш сулуу милицияга арыз жазууга аргасыз болгонун уктук. Мына тууган, КТРКнын чыныгы жүзү!

Ч.Токтобеков

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: