27-мартта республикабыздын алты шаарында шаардык кеңештерге шайлоо болуп өттү. Анда 6 шаарда тең КСДП, “Республика – Ата Журт” мандаттарга ээ болушту. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да жакшы жыйынтык көрсөттү. Ал Токмоктон башка беш шаарда тең 7 пайыздык тосмодон аша алды.
Ал эми “Кыргызстан” партиясы болсо Балыкчы, Токмок, Ош, Каракол шаарларынан мандатка ээ болушту. Ошондой эле “Табылга”, “Улуу Кыргызстан” аттуу жаңы партиялардын мандатка жетиши дагы кызыктуу болду. Бирок “Таза шайлоо” коому Ошто өткөн шайлоону “мыйзамды одоно бузуулар менен өттү” деп сыпаттады. Анткени талапкерлер тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары көп катталган. Ош милициясы добуш сатып алуу фактысы боюнча 9 адамды кармаган. Эми ушундай “аукцион” менен өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК кантип тааныйт? Серепчилер болсо административдик ресурс жапырт колдонулгандыгынан арты менен гана КСДП жеңишке жеткенин айтышууда. А бийликтин “клон” партиялары акчаны, аракты суудай агызганы менен дагы бир жолу элдин эсинде калды. Эми ушул КСДП “клон” партиялары менен шайлоо өткөн бардык аймактарга “өз” адамдарын мэрликке түртөт.
Булак: “Майдан. kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ