26-мартта таңга маал Өзбекстан Аксы районунун Чаласарт участогунан танкалары менен аскерлерин чыгарып кетти. Алар мындай кадамга андан бир күн мурда эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугушуусунан кийин барган.
Бирок алты сааттан ашык сүйлөшүүдө эмне тууралуу сөз болгондугу айтылган жок. Болгондо да ал жолугушуу Өзбекстандын сунушу менен болгондугу табышмактуу. Анткени алар тактала элек деп эсептелген менен кылымдардан бери кыргыздар пайдаланып келген аймакка канчалык күтүүсүздөн кирсе, ошончолук күтүүсүздөн артка чегиништи. Бир чети кыргыз элинин кошуналардын мындай баскынчылык мамилесине каттуу нааразы болушу ансыз деле ичинде жардыргычы толтура бочкадай араң турган Ташкент бийлигин чочулатып койду окшойт. Себеби жаза тайып чек арадан бир чыр чыгып кетсе, ал бүтүндөй Борбор Азия аймагын капташы мүмкүн. Бир чети президент А.Атамбаев да 24-мартта “Эгер Аксыдагы чек ара маселеси чечилбесе, анда үч айдан кийин Ташкентте боло турган ШКУнун жыйынына кантип катышам?”,- деп маселени кабыргасынан койду. Эгер мамлекет башчысы чын эле Ташкентте өтө турган бул жыйынга катышпай койсо, анда анын жыйынтыгы жокко чыгып, ансыз деле эл аралык деңгээлде аброюу кылдын учунда турган Өзбекстандын кадыры төмөндөмөк.
Булак: “Майдан. kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ